19-кабаттан кулаган терезе башына тийген кытайлык аман калды. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Шанхай
Города мира. Шанхай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, батирлердин биринин ээси терезенин рамасын өз алдынча орнотмокчу болгон.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кытайда 19-кабаттан кулаган терезе башына тийген киши аман калган.

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, кырсык 17-июнь күнү Шаньдун провинциясында болгон. Окуя видеокамерага түшүп калган.

Кадрлардан кишинин көп кабаттуу үйдүн алдынан өтүп баратканын, кокус эле үстүнө терезенин рамасы кулап кеткенин көрүүгө болот. Жыгылып калган кишиге башкалар жардам берүү үчүн жанына чуркап келишкен.

Каз. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда атылган каз жөн өлбөй аңчынын тишин сындырып, бетин айрып кетти
Алдын ала маалымат боюнча, батирлердин биринин ээси терезенин рамасын өз алдынча орнотмокчу болуп, капысынан түшүрүп ийген.

Ушу тапта жабырлануучу ооруканада, абалы туруктуу деп бааланууда.

Кытайдын дагы бир провинциясында мотоцикл айдап бараткан кыздын үстүнө "асмандан" эле каз кулап кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0