Ноокендеги жайлоодо жоголуп кеткен бөбөк бир суткадан кийин табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоиски 2-летнего мальчика в Жерде-Айгыр
Поиски 2-летнего мальчика в Жерде-Айгыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине жергиликтүү тургундар дагы тартылган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ноокен районундагы Токоол-Ата токой чарбасына караштуу Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнь күнү жоголуп кеткен эки жашар наристе табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРНоокен районундагы Токоол-Ата токой чарбасына караштуу Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнь күнү жоголуп кеткен эки жашар наристе табылды.
Ноокендеги жайлоодо жоголуп кеткен бөбөк бир суткадан кийин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ноокен районундагы Токоол-Ата токой чарбасына караштуу Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнь күнү жоголуп кеткен эки жашар наристе табылды.

"21-июнда саат 12:30дар чамасында куткаруучуларга 20-июнь күнү саат 14.00дөр чамасында эки жашар бөбөк жоголуп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам куткаруучулар милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштерин баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 21-июнь күнү саат 17:50лөр чамасында куткаруучулар жайлоодогу чатырдан беш чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан бөбөктү табышкан. Абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0