ОИИБ: жубайын сабап салган киши милиционер аялга да кол көтөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗомбулук. Иллюстративдүү сүрөт
Зомбулук. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ээ-жаа бербеген эркекти башка милиционерлер тынчтандырган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Караколдо жубайын сабаган киши милиционер аялга да кол салды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Күйүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Досун тирүүлөй өрттөп, сууга ыргытып жиберген. Апрелдеги соттук чечимдер
ОИИБ Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кармалган кишини милиция кызматкерлери сабап салган деген маалыматын төгүнгө чыгарган. Милициянын версиясы боюнча 19-июнь күнү жетекчиликке Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү рапорт менен келет. Ошол күнү болжол менен саат 21:00дө милицияга 32 жаштагы аял чалып, мас абалындагы жолдошу ага кол көтөрүп, батирде ызы-чуу салганын айткан.

Аял күйөөсүнө каршы арыз жаздырып алууну талап кылгандыктан, экөө тең милицияга алып келинген.

ОИИБдин маалыматына ылайык, кармалган киши ээ-жаа бербей, бөлмөдө тергөөчүгө туура эмес сөздөрдү айтып, коркутканга чейин барган. Аялынын, милиция кызматкеринин тыйганына болбой иш бөлмөнүн ичинен түкүрүнгөн.

"Жубайы дагы бир жолу тыйганда аны күйөөсү ичке чаап, ортого түшкөн милиция кызматкеринин погонун жулуп алып, башка бир чапкан. Андан соң шкафтын терезесин талкалап, иш бөлмөнүн эшигин буту менен сындырып чыккан", — деп жазылат маалыматта.

Работа Бишкекского научного центра травматологии и ортопедии - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда реанимацияда жаткан өспүрүм кыздын агасы дарыгерди сабап салды
Жардамга чакырган кесиптешинин үнүн угуп башка милиция кызматкери барып, ызы-чуу салган кишини токтотууга аракет жасашкан. Бирок мас киши ага да болбой койгон. Мындан улам милиционер анын колун кайрып жерге жаткырган. Бул учурда башка милиция кызматкерлери келген.

Укук коргоочуларга кол көтөргөн факт жана аялынын арызы Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге киргизилген.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, милиционер аял башынан жаракат алып, мээси чайкалып калган. Ошондой эле денеси сыйрылып кеткен.

21-июнда соттун чечими менен мас адам эки айга камалган. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0