Табышып койгула! Кой-Таш айылынан сууга аккан 15 жаштагы кыз изделүүдө

© SputnikДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга аккан кызды түнү менен ата-энеси, туугандары жана жергиликтүү тургундар издеп таппай коюшкан.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин жогору жагында 15 жаштагы кыз Аламүдүн суусуна агып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын атасы Руслан Исаков билдирди.

Өспүрүм кечээ, 23-июнда, болжол менен саат 23:50лөр чамасында Кой-Таш айылында "12 каминов" кафесинен үч чакырымдай алыс жерден сууга аккан.

"Түнү менен кол чырактар менен издеп таппай койдук. Издөө иштерине дагы көп киши керек болууда. Каалоочулар болсо жардамга чакырат элем", — деди кыздын атасы.

ӨКМ маалымат кызматы издөө иштерине суучулдар, 80ге чукул куткаруучу тартылганын кабарлады. Ошондой эле милиция жана жергиликтүү тургундардын кызды табышканга жардам берип жатканы маалым болду.

Жаңыланды: Болжол менен саат 13.00дө куткаруучулар кыздын сөөгүн таап чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0