Араван: сууга агып кеткен жубайлардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСуучул. Архив
Суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя 20-июнь күнү болгон. Куткаруучулар ошондон бери издөө иштерин жүргүзүп келүүдө.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Аравандын Нур-Абад айыл аймагына караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына агып кеткен жубайлардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жаш бүлөнүн кырсыктаганы тууралуу маалымат 21-июнда тараган. Анда сууга түшүп кеткен келинчегин куткарам деп артынан секирген күйөөсү кошо акканы айтылган. Куткаруучулар ошондон бери издөө иштерин жүргүзүп келишкен.

"Өзбекстандык куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аял кишинин сөөгү табылган. Эртеси туугандары барып таанып, алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бүлө ээси 33, ал эми жубайы 22 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0