"Жигули" менен баратып Ак-Буурага түшүп кеткен үч киши каза тапты

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Оштун Кара-Суу районунда түн ичинде болгон.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ош — Папан — Кожокелен унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен "Жигули" унаасындагы эки эркек киши жана бир бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта маркумдардын экөө 43 жана 41 жаштагы адамдар экени, дагы бири 10 жаштагы бала экени айтылды. Кырсык 22-июнь күнү болгон.

"Эртеси унааны суудан чыгаруу үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнөн үч куткаруучу, жети суучул жана Папан айыл аймагынан экскаватор менен кран тартылып, кечке чейин үчөөнүн сөөгүн алып чыгышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң автоунаа да суудан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0