Милиция: "Коопсуз шаардын" камерасын аткылап кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй ОИИББдин жетекчилиги фактынын иликтенишин өз көзөмөлүнө алды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолундагы "Коопсуз шаардын" камерасы иштен чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп
Маалыматка караганда, бүгүн, 25-июнда, саат 10:56да Аламүдүн райондук ИИБге камера жабыркаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Укук коргоочулар Бишкек — Торугарт жолунун 10-чакырымындагы камера талкаланганын аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, камераны аткылап кетишкен. Тапанчанын үлгүсү тактала элек.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки изилдөө иштери башталды. Чүй ОИИББдин жетекчилиги окуянын иликтенишин өз көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0