Баңгизат. Архивдик сүрөт

Баңгизат ташуу өнүгүүдө! Чек арачылар менен бажычыларга кине коюлду

104
(жаңыланган 17:21 25.06.2019)
Эксперт Германияга Кыргызстандан барган героин тууралуу маалымат эки мекеменин кемчилиги экенин айтты.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бажы жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү баңгизат ташууга тиешелүү деңгээлде бөгөт коё албай жатат. Бул тууралуу "Баңги саясатынын борборазиялык борбору" коомдук фондусунун жетекчиси Александр Зеличенко билдирди.

Эксперт Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Евразия алкагында коопсуздук архитектурасын калыптандыруу: терроризм менен экстремизмге жамааттык жооп" форумунда сүйлөгөн.

"Баңгизат ташуу менен күрөшүүгө Бажы жана Чек ара кызматтарынын кошкон салымы минималдуу — болгону бир нече пайызды түзөт. Жакында эле Германияда 670 килограмм героин менен бараткан унаа кармалды. Бул Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын эле эмес, биринчи кезекте Бажы жана Чек ара кызматтарынын кетирген кемчилиги. Анткени бажы жана чек ара аймактарында күч структураларынын өкүлдөрү кире албайт", — деди Зеличенко.

Анын айтымында, абал аталган эки кызматтын баңгизат менен күрөшүү боюнча эч кандай милдети жок сыяктуу сезим калтырат. Ал эми бул жогорудагы эки мекеменин түздөн-түз милдети, атайын ушу багытта иштеген бөлүмдөрү бар.

"Бажычылардан бюджетти толтуруу талап кылынат, чек арачылар жасалма документ менен келген кишилерди аныктоо менен алек. Ал эми баңгизат бизнеси өнүгүп жатат... Ошол 670 килограмм героин үчүн жооп беришсин. Анткени биринчи эле жөнөткөндө мынча көлөм менен жибербейт да. Демек, канал көптөн бери иштейт. Муну моюнга алып, мындан аркы кадамдарды так аныкташ керек", — деди эксперт.

Белгилей кетсек, ири көлөмдө баңгизат ташып бараткан унаа Германиянын Польша менен чектешкен жеринен кармалган.

104
Белгилер:
Мамлекеттик чек ара кызматы, РФ Бажы кызматы, фонд, Германия, баңгизат
Тема боюнча
УКМК коңшу өлкөлөрдүн чекисттери менен террорго каршы операцияларды ишке ашырды