БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу маселеси каралып жаткан маалда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "Мурунку өлкө башчысына каршы кримтөбөл Азиз Батукаев көрсөтмө берген" дегени жаңылыш экенин айтты.
Кийин депутат Карамат Орозованын суроосуна жооп берип жатып, "Шамил Атахановдун ордуна Азиз Батукаевди айтып алганын" билдирген.
Эскерте кетсек, ушу тапта депутаттар Жамшитовдун докладын угуп бүтүп, суроо-жоопко өтүштү.
Sputnik Кыргызстан жыйынды түз алып берүүдө.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өткөн суткада КРде 55 кишиден коронавирус аныкталып, 60 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны өлкөдө 86 506га жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, илдет Ысык-Көл облусунан бир бейтаптын өмүрүн алган. Аны кошкондо жалпы 1 471 адам акка моюн сунду. Азыркы учурда коронавирус жуктурган 344 бейтап ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 83 адам оор абалда болсо, 17синин абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган эмес.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен магнитудасы 4,9га жеткен жер титирөө катталганын Европанын жер ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.13тө катталган.
Felt #earthquake (#землетрясение) M4.3 strikes 49 km NW of #Karakol (#Kyrgyzstan) 1hr 19min ago. Please report to: https://t.co/pS3AzHVYDW pic.twitter.com/vKxrErzMKe
— EMSC (@LastQuake) March 6, 2021
Жер титирөөнүн эпицентри Каракол шаарынан түндүк-батышты көздөй 49 чакырым алыстыкта экени айтылып, ал эми очогу беш чакырым тереңде экени белгилүү болду.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ажырашкандан кийин көңүлү муздап, эркектерди жек көрүп калган айым кат жазган.
Саламатсыздарбы, менде бир маселе бар. Өзүмдүн жашым 45ке чыгып калды, борбордун четиндеги мекемелердин биринде мамлекеттик кызматта иштейм. Өзүңүздөр билгендей, маянам деле жарытылуу эмес. Түйшүк менен эле күндөрүм өтүп келет.
Үйдө апам жана кызым менен турам. Мурда жаш кезимде турмушка чыгып, эки-үч жыл жашап эле ажырашып кеткем. Ошондон кийин турмушка чыккым келбейт. Азыр ойлосом ошондо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылыптырмын. Күйөөдөн аябай көңүлүм калган. Эркектин баары бирдей эместигин билем, бирок мен үчүн баары аялдарга азап берүү үчүн жаралгандай көрүнө берет. Мындан бир аз жаш кезимде апамдан колумду сурап, үйгө келген мырзалар деле болду. Алар алгач мага келип, мен көңүл бурбай койсом апама чейин барышчу. Апам тамакты мыкты жасаган, таза, чарбакер, тың аял. Азыр алдан тайып, 70тен ашып калды. Келген жуучулардын айрымдары "энесин көрүп, кызын ал" болуп ата-энесинин үгүттөөсү менен апасындай аял болсо жаман болбойт деп келгендер. Азыр ошолордун айрымдары очор-бачар, жакшы турмуш күтүп кетишти. Мен дагы эле баягыдай жумушка барам, кечинде үйгө келем, оокатымды кылам. Жашоомдун маңызы кызым болуп калган.
Атам да апама жарытылуу деле мамиле кылган эмес. Кээде уруп, кызганып мээсин жегенин эле көрүп чоңойдум. Ошондон дагыбы, эркектерди аялдардын душманындай көрөм. Кийин мектепте окуп жүргөндө атабыз каза болуп калды. Апам байкуш мени жалгыз чоңойткон. Ошондон кийин түйшүк менен жүрүп турмушка чыккан эмес. "Мендей болуп жалгыз калбасын" деп коркуп жатканын түшүнөм, бирок эркектерге ишенбейм. Жалгыздыктын түйшүгү деле сезилет, кээде эркектерге тийиштүү чарбалык иштерде "аял катары бакыт деле көргөн жокмун" деп ойлонуп кетем. Ошентсе да күйөөлөрүнүн көйгөйүн, кордугун айтып арызданган курбуларым, кесиптештерим да жок эмес.
Мендеги коркуу, жек көрүү сезимин көптөргө айтсам түшүнбөйт. Бул менин жөн гана коркуумбу же чындап көйгөйүм барбы? Психолог эмне дейт болду экен?
Психолог Айгүл Ысыкеева:
— Бул айымдын катын толук окуп чыктым. Мага эмнегедир алдыга умтулайын, билим алайын же дагы бир башка ийгиликке жетишейин деген аракети жоктой сезилди. Ал турмуш куруу үчүн эркектер менен таанышуудан эмес, оболу жашоосун өзгөрткөндөн коркот өңдүү. Мындан ар бир көргөн күнүнө ыраазы болуп эле күн көрүп жаткан аялзатынын образын байкадым. Муну менен катар өзүн, жеке жашоосун эбак унутуп, өмүрүн кызына арнап салгандай.
Апасы да жалгыз чоңойтуптур. Бала баарын сезет, балким, кичинесинде атасына керек эмес экенин туюп калгандыр. Кыз кишиде жашоосундагы алгачкы эркек адамдын мамилесине карап, анан башка эркектерге болгон мамиле калыптанат. Башкача айтканда, кыз үчүн, анын тагдырына атасынын мамилеси маанилүү роль ойнойт. Өзгөчө жолдошунан ушундай мамилени күтөт жана турмуш курууга да ушул образды издейт.
Жыйынтыктап айтканда, ушундай эмоционалдык мамиле үзүлбөй калган учурда жалгыз өзү көйгөйдөн арылышы кыйын. Ал психологго барып, коркуу сезимдерин азайтып, өзүнө өзү жардам берүүгө үйрөнүшү керек. Аракет кылбаса, жылдар өтүп жаш өйдөлөй берет. Кийин энесинин эле тагдырын кайталап калат. Эң кооптуусу эмоционалдык жактан бөлүнбөгөн адам баласына да жармашып, аны жанынан чыгаргысы келбейт. Ошентип жүрүп бул аялдын кызына да зыяны тийиши ыктымал.