Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка ТЭЦ Бишкека к зиме
Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселе каралып жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар экени кайсы учурларда байкалып турганын парламенттин жалпы жыйынында айтып берди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 12-июнунда УКМК тарабынан Атамбаевге карата материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү боюнча каттоого алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарында төмөнкү учурлар көрсөтүлгөн.

— Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу Кытайдан алынган насыя аркылуу ишке ашырууда бардык стратегиялык чечимдерди, анын ичинен подрядчынын Кытай тарабынан тандалышына Атамбаев мамлекет башчы катары макулдук берген;

 Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
— Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирген Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча иштин башына президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаковду коюп, анын кызматтык каттарын өкмөт башчыга жибербей, Өнөр жай жана энергетика министрлигине түздөн-түз жолдогон;

— ТВЕА компаниясынын электр кубатын чыгаруучу объектилерин куруудагы тажрыйбасы жоктугуна карабай, аны тандоо процерудасы ачык болгон эмес. Компанияны кайра карап чыгуу тууралуу президенттин аппаратынын финансы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметованын кызматтык катын атайын кароосуз калтырып, "тааныштым" деп кайра кайтарган;

— Сапар Исаков 2013-жылдын 8-ноябрында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча насыялык келишимди ратификациялоо мыйзамынын кабыл алынышына каршы чыгууга даярданып жатканы тууралуу кат менен Атамбаевге кайрылып, бул маселени чечүү боюнча өкмөткө тапшырма берүүнү сунуштаган. Атамбаев Илмиянов жана Молдалиевге маселени чечүү боюнча чара көргүлө деп резолюция түрүндө тапшырма берген.

Ошондой эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо мамлекетке ири өлчөмдө чыгым келтирилгендиги тууралуу фактылар бар экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0