Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти

Ош: аэропорттун жолундагы кырсыктан 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

539
(жаңыланган 11:21 28.06.2019)
Эки унаадагы үч жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.

ОШ, 28-июн. - Sputnik. Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

  • В Оше по дороге в аэропорт столкнулись в лоб в лоб два автомобиля, водитель одного погиб
    Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В Оше по дороге в аэропорт столкнулись в лоб в лоб два автомобиля, водитель одного погиб
    Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В Оше по дороге в аэропорт столкнулись в лоб в лоб два автомобиля, водитель одного погиб
    Натыйжада каршысында келе жаткан Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 50 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти

В Бишкеке произошло ДТП с участием трех автомобилей по улице Токомбаева (Южная магистраль) в Бишкеке
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Маалыматка ылайык, окуя 27-июнь күнү саат 20:45тер чамасында Ош — аэропорт жолунун 10-чакырымында болгон. Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршысында келе жаткан Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 50 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.

Кырсыктан улам экинчи унаанын айдоочусу менен калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

539
Белгилер:
жер тилкеси, унаа, жол кырсыгы, Ош шаары
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (240)
Тема боюнча
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
"Жигули" менен баратып Ак-Буурага түшүп кеткен үч киши каза тапты