Сүзүп алган кишини ооруканага алып келген айдоочу качып кетти

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып келинген бейтаптын жаракаты оор болгондуктан каза болуп калган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна бүгүн, 28-июнда, таңкы саат 4:30дар чамасында белгисиз айдоочу жол кырсыгына азиат тектүү кабылган 40-45 жаштардагы кишини алып келип таштап, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Алып келинген бейтаптын жаракаты оор болгондуктан каза болуп калган.

Милиция ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, саат 7:00дөр чамасында Сокулук районунан ВАЗ 21074 үлгүсүндөгү автоунааны аныкташкан. Кылмышка шектүү катары анын 31 жаштагы айдоочусу кармалган.

Машина айып короого токтотулуп, бардык материалдар тергөөчүлөргө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0