Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кишинин кош бойлуу жубайы жардам суроодо

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу билдирүү ишемби күнү түшкөн. Алгач издөө иштерине 35 киши тартылса, жекшемби күнү алардын саны 100гө жетти.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кош бойлуу Айпери Тойчинова Аламүдүн суусуна түшүп кеткен жолдошу - 26 жаштагы Султан Бакаевди издөөгө жардам берүүнү өтүнүп кайрылды.

Окуя 29-июнь күнү болгон. Куткаруучуларга билдирүү саат 13.14тө түшкөн. Алгач издөө иштерине 35 киши тартылса, жекшемби күнү алардын саны 100гө жетти. Бакаевдин отун жарып жатып сууга кулап кеткени айтылган, бирок Тойчинова бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, күйөөсүнүн эмнеге суу жээкке барганы белгисиз. Келин ошол күн туулган күнү экенин да айтып өттү.

Жардам сурап кайрылган билдирүүсүн Тойчинова соцтармакка жайгаштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0