Asia Mall соода борборунда өрт чыкты

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкектеги Asia Mall соода борборунда өрт чыкты
Бишкектеги Asia Mall соода борборунда өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт төртүнчү кабатта жайгашкан кафелердин бириндеги аба сордургучтан чыккан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборунда өрт чыкты. ӨКМдин берген маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүү саат 13:50дө түшкөн.

Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Өрт 4-кабатта жайгашкан кафелердин бириндеги аба сордургучтан чыккан.

Тилсиз жоо саат 14:46да өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0