Дарыяга Атамбаевдин ЖКдагы мурдагы өкүлү үй-бүлөсү менен түшүп кеткени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМолдакун Абдылдаев. Архивное фото
Молдакун Абдылдаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдакун Абдылдаев 30-июнь күнү Ат-Башыдан чыгып Суусамырдагы Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен Көкөмерен суусуна түшүп кетти делип изделүүдө. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облусунун башчысы Алтынбек Намазалиев тастыктады.

Анын айтымында, Абдылдаев 30-июнь күнү Ат-Башыдан чыгып Суусамырдагы Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан. Жанында келинчеги да болгон.

"Жолдон кырсык болуп машина сууга түшүп кетти деп жатышат. Ошол жерден көргөндөр кабар беришиптир. Өзүнүн жеке унаасы менен бараткан. Жанында келинчеги бар экен. Туугандары да болушу мүмкүн, кимдер экенин так айта албайм. Кудай сактасын, жакшылыктан үмүт үзбөй туралы! Молдакун Абдылдаев кесипкөй адис", — деди Намазалиев.

Мындан сырткары, ал жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Жайыл районунун акими, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башчысы, аскерлер иш алып барып, жергиликтүү тургундар да издөөгө жардам берип жатканын белгиледи. Бул боюнча штаб уюштурулган.

Кырсык Көкөмерен суусунун Нарын менен Чүй облусунун чектешкен жеринде болгону болжолдонууда.

Белгилей кетсек, Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0