Көкөмеренге түшүп кеткен Абдылдаевдин үй-бүлөсүн 110 куткаруучу издеп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРКуткаруучу. Архив
Куткаруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Молдакун Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсүн 110 куткаруучу издеп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-июлда саат 17.20да Жумгалдын Арал айылынын тушунан айдоочунун, саат 20.00дөрдө андан 12 чакырым алыстыктан Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган. 

"Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жалпы 110 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары, министр Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү үчүн министрдин орун басары Калыс Ахматов жөнөп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы
Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Молдакун Абдылдаев, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочусу болгону айтылган. Кызы Индира Абдылдаеванын айтымында, атасы 29-июнь күнү Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтчү Суусамырга келе жаткан.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен кишинин чыкканын, андан кийин баарын суунун шары алып кеткени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0