Көлдөгү лагерде эки киши өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды

Жазылуу
Окуя тууралуу билдирүү Ак-Суу РИИБине 4-июлда келип түшкөн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринде эки кишини атып өлтүрүп, ал жакта иштеген аялды барымтага алган бойдон из жашырып кеткен шектүү изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Показательные выступления. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Екатеринбургда атылган Каримов. ЖМК 19 млн. рублдин чоо-жайы тууралуу
Ага ылайык, Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" альпинисттик лагердин башчысынын орун басары 1970-жылы туулган А. Д. аттуу кишини атып кеткени маалымдалган.

Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Териштирүү учурунда "Хан-Теӊири" лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.С. аттуу жаран "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д. аттуу жаранды төшкө жана 31 жаштагы М.К. аттуу кишини ичке аткандыгы аныкталган.

"Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы И. У. аттуу тургуну ок аткан кишини кармоого аракет көргөндө аны колго сайып качып кеткендиги белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын кесепетинен А.Д. окуя болгон жерден каза болуп, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон үзүлгөн.

Териштирүү учурунда С.С. кишилерди аткандан кийин ошол жердеги кара тумоого каршы мекемесинде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы Л.И. аттуу тургунду барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Бир тууган агасын бычактап салган. Оштогу чуулуу окуя
Аталган факт Ак-Суу РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана Чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө жана кармоо ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0