Көлдө эки адамдын атылышы: ИИМ жаңжал эмнеден чыкканын айтты

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта шектүү изделүүдө.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басары менен кызматкеринин өлүмүнө себепкер болгон жаңжал ич ара сөз талаштан чыккан. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, ошол эле лагерде иштеген кароолчу маркумдар менен кошо арак ичип отуруп сөз талаша кетишкен. Натыйжада ал экөөнү атып салган.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Ысык-Көлдө барымтага алынган аял бошотулду
Эске салсак, Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин башчысынын 49 жаштагы А. Д. аттуу орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кеткени маалымдалган.

"Булардын ортосунда талаша турган маселе болгон эмес. Арак ичип отуруп сөздөн-сөз чыгып, бири-бирине кемсинткен сөз айткан. Анан отургандардын бири экөөнү атып салган. Ал убакта ашканага тамак ичейин деп жылкычы кирген. Аларды көрүп, ортосуна бөгөт коюуга аракет кылганда ага да бычак урулган. Жылкычы качып барып, чек ара заставасына кабарлаган. Алар келгенде экөө каза болуп калган. Шектүү качып кеткен. Ал ошол эле лагерде мергенчи болуп иштегендиктен жердин ыгын жакшы билет экен. Жакын арада кармалат. Издөө иштерин толугу менен жүргүзүп жатабыз", — деди Сеитов.

Ошондой эле ал шектүү качып баратып лагерде чумага каршы мекеменин дарыгерин атка өңөрүп алып кеткенин кошумчалады.

Кийинчерээк "Хан-Теңири" лагеринин директору, маркумдун тууганы Мирмухаммед Ишенбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин берген маалыматы туура эмес экенин айтты. Кароолчу өзү түнү менен ичип, эртең менен да арак сураганда бербей койгондо ызырынып, жетекчиликтин бекиткен куралын таап келип ок чыгарганын билдирди.

Алдын ала берилген кабарларга караганда, ок чыгарган киши ошол эле лагерде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну. Ал окту "Вепрь" үлгүсүндөгү куралдан чыгарган.

Окуядан кийин кырсык болгон жерге Ысык-Көл облусунун ИИБинин атайын даярдыктагы аскерлери киши өлтүргөн адамды кармоо үчүн чыгып кеткени кабарланды.

Ысык-Көл облусундагы Эңилчек айылына жакын жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринде эмне окуя болгондугу жана учурда жүргүзүлүп жаткан аскердик операция тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп турсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0