Чоң Чүй каналы. Архив

Белинен өйдө жагы каналдан табылган келин... 90-жылдардагы кылмыштар

3404
(жаңыланган 10:19 31.07.2019)
Союз тарагандан кийин өлкөдө аракечтик токтобой, кылмыштуулук күч алган. Ал кездеги эргулдар көчөгө мылтык көтөрүп чыгып далайларды курутуп, аскер бөлүгүнөн курал-жарак тоногонго чейин барган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун июлда чыккан гезит беттерин барактап, ал кездеги кылмыштарды сунуштайт.

Тонолгон аскер бөлүгү

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын жерде жайгашкан ири аскер бөлүгүнөн кыргыз жана өзбек улутундагы жоокерлер курал-жарак уурдаган. Алар Макаров үлгүсүндөгү 905 тапанча, 20 даана Калашников автоматын унаага салып из жашырып кеткен. Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү кыргызстандыктарга кайрылып жардам сураган, анткени ал ок атуучу куралдар менен жүздөгөн адамдын өмүрүн алуу коркунучу бар эле.

Изин жашырган зөөкүр

Колу-буту кесилип, денеси ортосунан бөлүнгөн келиндин сөөгүнүн жарымы борбор калаадагы кичирайондон табылса, калганы эки күндөн кийин Чоң Чүй каналынан табылган. Погончондор кылмышкерди тапмак түгүл, узак убакыт бою каза болгон аял ким экенин аныктай албай убара болгон.

Төлгөчүгө ишенген кылмышкерлер

Айылда төрт бээсин жоготкон тургун издегенин таба албай төлгөчүгө кайрылган. Ал болсо мал айылдашынын сарайында камалып жатканын айткан. Көзү ачыктын сөзүнө ишенген мал ээси ачууга алдырып, ууру менен "башкача" сүйлөшүү үчүн төрт-беш аракечти жалдаган. Аракка тойгон эргулдар жылкыны айдап кетти делген элеттикти айылдын четине алып чыгып сабашкан. Токмок жеген адамдын кабыргалары сынып, боору менен бөйрөгү үзүлүп, окуя болгон жерде көз жумган. Сот алардын ар бирин алты жылдан он жылга чейин эркинен ажыраткан.

Погончон каракчылар

Курал көтөргөн кылмышкерлер бир нече айда Бишкектин жана анын айланасында өзүнүн былыктарын жасап келген. Жеңил жол менен тыйын тапкан беш адамдан турган топ күйүүчү май ташыган унааларды токтотуп, айдоочуларына курал такап акча өндүрчү. Жалпы жонунан 11 факты катталган. Укук коргоо органдары автомат, тапанча алып жүргөн шектүүлөрдү криминалдык чөйрөдөн издеген. Бирок жыйынтыгында алар Ички иштер министрлигинин алдындагы академияда иштеген жана окуган погончондор экендиги аныкталган. Алар курал-жаракты аталган окуу жайдан жашыруун алып чыгып, өз максаттарында колдонуп турганы белгилүү болгон.

Боор ооруса, боорго тээп...

Баңгизатка байланып, арактан башы чыкпаган жаштар бирөөнүн унаасын айдап чыгып жол кырсыгына кабылат. Жолдо кетип баратып, окуяга күбө болгон айдоочу аларга жардам көрсөтүп, жараксыз болгон унааны үйүнө чейин сүйрөтүп келет. Достор аны үйгө чакырып коноктойт. Балдардын бири кол сунган жаранды өлтүрүп, жарабай калган унааны калыбына келтирүүнү сунуштаган. Шериктер мейманды бычактап, балта менен чапкылап тынчытып, короого көмүп салышкан. Андан соң унааны өз ара бөлүштүрүп, сатып жиберген. Алардын бул былыгы бир нече айдан кийин белгилүү болгон.

3404
Белгилер:
кылмыш, 90-жылдар, Кыргызстан
Тема боюнча
Нигериялык жаранга кол салуунун себеби белгилүү болду
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат

Өзбекстан жараны Киевде  бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

4
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта  Киевдеги бизнес борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

4
Белгилер:
түз эфир, банк, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды
Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуул

Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

22
(жаңыланган 17:50 03.08.2020)
"Ислам мамлекети" террордук тобунун Афганистандын аймагындагы абакка куралдуу чабуул жасаганы кабарланды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы Желал-Абад шаарындагы түрмөгө жасалган чабуулдун кесепетинен 20 адам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Тажикстан 1TV News телеканалына шилтеме берип, кабарлады.

Мындан сырткары, 85 адамдын жаракат алганы айтылды.

Өлгөндөрдүн арасында аскер кызматкерлери менен жай жашоодогу адамдардын бар экени айтылды. Атышуу учурунда коопсуз кызматы кол салган беш согушкерди жок кылган.

Кечирээк бул каргашанын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети террордук" тобу өзүнө алгандыгы белгилүү болду.

Сириялык качкын согушкер АКШ аскерлери "Ислам мамлекети" менен иштешерин айтты

Чабуул учурунда түрмөдө камалгандар качып чыгып, 700 киши ошол жерден эле кармалып, темир торго кайра кайтарылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, кармаш 14 саатка чукул созулган. Согушкерлер түрмөнүн эки мунарасын ээлеп алууга үлгүргөн.

22
Белгилер:
түрмө, Чабуул, согушкер, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Афганистан
Тема боюнча
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде