Мекенине келе жаткан... Оренбургдагы жол кырсыктан 3 кыргызстандык каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖол кырсыгы. Архив
Жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Москва убактысы боюнча түнкү саат 1.00дөр чамасында, 6-июлдан 7-июлга караган түнү Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү кабарлады.

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуВ Оренбургской области РФ в автомобильной аварии погибли три гражданина КР, которые возвращались на родину из Санкт-Петербурга
Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуВ Оренбургской области РФ в автомобильной аварии погибли три гражданина КР, которые возвращались на родину из Санкт-Петербурга
Кыргызстандыктар ВАЗ 2107 унаасы менен Санкт-Петербургдан жолго чыгып Кыргызстанга келе жаткан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстандыктар ВАЗ 2107 унаасы менен Санкт-Петербургдан жолго чыгып Кыргызстанга келе жаткан
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуВ Оренбургской области РФ в автомобильной аварии погибли три гражданина КР, которые возвращались на родину из Санкт-Петербурга
Кырсык Москва убактысы боюнча 7-июлда түнкү саат 1.00дөр чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кырсык Москва убактысы боюнча 7-июлда түнкү саат 1.00дөр чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.
1/3
Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду
2/3
Кыргызстандыктар ВАЗ 2107 унаасы менен Санкт-Петербургдан жолго чыгып Кыргызстанга келе жаткан
3/3
Кырсык Москва убактысы боюнча 7-июлда түнкү саат 1.00дөр чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.

Анын айтымында, кыргызстандыктар ВАЗ 2107 унаасы менен Санкт-Петербургдан жолго чыгып Кыргызстанга келе жаткан. Кырсык Москва убактысы боюнча 7-июлда түнкү саат 1.00дөр чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.

"Skoda үлгүсүндөгү машина жүк ташуучу унаадан ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, мекендештердин унаасын сүзүптүр. Анын кесепетинен кыргызстандык эки эркек киши, бир аял жеринде мүрт кетиптир. Дагы бир аял өтө оор абалда өзүн билбей жаткан. Берки унаадагыларды тез жардам унаасы алып кеткенин айтышты. Мекендештерибиз эки унаа болуп жолго чыгышыптыр. Экинчи унаа артында келе жаткан. Анда каза болгон аялдын баласы болгон экен", — деди күбө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0