ДТП в селе Бактуу-Долоноту

Ысык-Көлдө BMW менен Lexus кагышты. Эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөттөрү

996
(жаңыланган 14:07 07.07.2019)
Учурда жол кырсыктан жабыркагандардын ким экени такталууда.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайынан BMW Х-7 үлгүсүндөгү машинасы менен Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, эки киши каза болуп, эки киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

На Иссык-Куле произошло лобовое столкновение внедорожника и легкового автомобиля, погибли два человека
© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР
Жол кырсыгы 7-июлда түнкү саат 04:45тер чамасында болгон

Ага ылайык, жол кырсыгы 7-июлда түнкү саат 04:45тер чамасында болгон. Кырсык болгон жерге Ысык-Көл ОИИБ менен Ысык-Көл РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен бирге барган.

"BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берген. Ал эми эки жүргүнчү оор жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын ким экендиги такталууда", — деп айтылат.

ЖКККББнын маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча дагы кабар бериле турганын билдирди.

996
Белгилер:
Сүрөт, Ысык-Көл облусу, жол кырсыгы
Тема:
Депутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы (16)
Тема боюнча
Бишкекте автоунаа кишини 15 метрдей сүйрөп кетти. Кырсыктын сүрөт, видеосу
Ош: аэропорттун жолундагы кырсыктан 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти. Сүрөт