Окуя башкача болгон... "Хан-Теңириде" атылган кишинин тууганы жаңы жагдайды айтты

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашканада директордун орун басары, кызматкер, жылкычы, анын жубайы эки жаш баласы менен тамактанып отурганда кароолчу курал көтөрүп кирип келген. Ал жылкычынын карышкырдан коргонуу үчүн сактаган "Вепрь" үлгүсүндөгү аңчылык куралын таап алган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Эңилчек жайлоосундагы "Хан-Теңири" аңчылык лагеринде атылган директордун орун басарынын тууганы, лагердин директору Мирмухаммед Ишенбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, окуя тууралуу милиция туура эмес маалымат бергенин айтты.

Ал окуяга күбө болгон жылкычы менен анын жубайынын айткандарына таянып, жаңы жагдайларды баяндап берди.

Эске салсак, 2019-жылы 4-июлда, Сырт өрөөнүнүн Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин кароолчу атып салганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Мындан сырткары ошол жердеги жылкычы бычак жеп, 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделүүдө. Ал азыркыга чейин кармала элек.

Директордун орун басары арак иччү эмес

Ишенбеков милициянын "баары чогуу арак ичип отурганда сөз талаша кетип жаңжал чыккан" деген билдирүүсүн төгүнгө чыгарууда. Ал кароолчу түнү менен ичип, эртең менен да арак сураганда бербей койсо ызырынып, жылкычынын куралы менен ок чыгарганын билдирди.

"Ал киши (директордун атылган орун басары — ред.) такыр арак ичип, тамеки да чекчү эмес. Артында үч баласы калды. Эки кызы Бишкекте, баласы Америкада окуп жүрөт. Баласы дагы деле уга элек. Чынында окуя башкача болгон. Жылкычынын аялы туристтерге суусундук жана ичимдиктерди сатчу. Кароолчу андан эки-үч бөтөлкө арак сатып алып түнү менен ичиптир. Эртең менен башы ооруп, жылкычынын аялынан дагы арак сураганда бербей койгон. Андан соң баары тамактанып жатканда ал курал көтөрүп кирген", — деди Ишенбеков.

Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү
ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов маалымат жыйында алдын ала алынган кабарда "жаңжал шектүү менен маркумдар чогуу арак ичип отурганда сөз талаштан чыккан" деп түшкөнүн айткан. Бирок кабарчы бүгүн байланышканда  окуя башкача болгону такталганын билдирди. Ошондой эле ал тергөөнүн маалыматы боюнча директордун орун басары менен кароолчунун ортосунда соңку убакта пикир келишпестиктер болгонун кошумчалады.

Ишенбековдун айтымында, окуя болгон учурда ашканада директордун орун басары, кызматкер, жылкычы, анын жубайы эки жаш баласы менен болгон. Жылкычы карышкырдан коргонуу үчүн "Вепрь" үлгүсүндөгү аңчылык куралын сактачу экен. Аны кароолчу бекиткен жеринен таап алган.

"Кароолчу куралын жылкычыга такаганда агам "кой, анткен болбойт" деп ордунан турганча үч жолу атып жибериптир. Үчүнчү огу жанындагы кызматкерге тийген. Жылкычы каршылык көрсөтүп, куралдын магазинин чыгарып алган. Атайын даярданганбы, билбейм, бычагын алып аны колго сайган", — деди лагердин директору.

Бирок кароолчу жылкычыны коркутуп кайра магазинин тартып алып, ичимдик беришин талап кылганда эки бөтөлкө сыра, эки бөтөлкө арак алып келип берген.

"Магазинин кайра тартып алганда жылкычы колун көтөрүп "үй-бүлөмө тийбе" деп суранат. Ал ичимдикти алгандан кийин, атты токуп беришин буйруган. Ошол маалда ылдыйдагы боз үйдө чумага каршы борбордо иштеген дарыгер аял чуркап келген. Ошол аялды барымтага алат да, атты минип, ичимдиктерин артып, дарыгерди астыга салып токойго кирип кеткен", — деп айтып берди Ишенбеков.

Ок жеген лагердин башчысынын орун басары жеринде мерт болгон. Ал эми оор абалдагы кызматкерди жылкычы унаага салып 18 чакырым ылдыйдагы чек ара заставасына алып жөнөгөн. Бирок ал жарым жолдон үзүлүптүр. Анан застава аркылуу милицияга кабар жеткен. Барымтага алган аялды кароолчу эртеси өзү коё берген.

"Дарыгер аял түнү менен экөө токойдун арасында отурганын, "кыймылдасаң атып салам" деп коркутканын айтты. Тик учак менен атайын аскерлер келгенин көрүп отурушуптур. Кароолчу мурда альпинисттерди тоого коштоп чыгып иштечү экен. Токойду беш колдой билет. Мына үч күндөн бери табыла элек", — деди Ишенбеков.

Эңилчек жайлоосунда жайгашкан Хан-Теңири аңчылык лагеринде эки адамды атты деп шектелип издөөгө алынган жаран - Sputnik Кыргызстан
Эңилчекте 2 адамды атты деп изделип жаткан кароолчу тууралуу айылдаштары айтып берди
Ал, ошондой эле, кылмышка шектүү 29 жаштагы С.С. аттуу жаран ата-энеси жок, балдар үйүндө чоңойгонун, маркум агасы ага боору ооруп төрт ай мурун жумушка алганын кошумчалады.

Бейажал кеткен директордун орун басары ИИМдин мурдагы кызматкери, Баткен согушунун ардагери болгон. 2010-жылы июнь коогалаңына да катышкан. Ал эми ок жеп мерт болгон кызматкер туристтерди кабыл алып, аларды жайгаштырып иштечү.

Мындан сырткары Ишенбеков агасынын сөөгү Ошто эмес, Бишкекте жерге берилгенин белгиледи. Анткени Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы сөөк Ошко алынып кеткенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0