Россиядан келе жатып кырсыктаган кыргызстандыктардын төртүнчүсү каза болду

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Оренбургдагы жол кырсыктан кыргызстандык эки эркек киши менен бир аял мерт болгону кабарланган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Оренбург облусунда жол кырсыгынан жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген кыргызстандык аял каза болду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

ДТП в селе Бактуу-Долоноту - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө BMW менен Lexus кагышты. Эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөттөрү
Белгилей кетсек, кырсык 7-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 4.00 чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон. Күбөнүн айтымында, Skoda үлгүсүндөгү машина жүк ташуучу унаадан ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, кыргызстандыктар келе жаткан ВАЗ 2100 үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Мунун кесепетинен кыргызстандык эки эркек киши, бир аял жеринде мүрт кеткен. Төртүнчү аял оор абалда ооруканага жеткирилген болчу.

"Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматы боюнча, кырсыктан каза болгондордун баары Кыргызстандын жарандары. Учурда окуя болгон жерде Оренбург облусундагы ардактуу консул иштеп жатат. Маркумдардын сөөгүн 9-июль күнү мекенине жиберүү пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Оренбург шаарындагы консулдун кеңешчиси Таалайбек Курманбеков ооруканага жеткирилген аял Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөр чамасында көз жумганын билдирди. Эркек кишилердин бири 54, экинчиси 24 жашта болгон, ал эми аялдардын бири 49да, экинчиси 48 жашта экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0