Жалал-Абад мэри "үйдө уктап жаткам" деп калп айттыбы? Жаңжалдын жаңы жагдайы

© Фото / пресс-служба Государственной кадровой службы КРМэр города Джалал-Абад Мураталы Тагаев
Мэр города Джалал-Абад Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр мурда жаңжалга такыр тиешеси жоктугун белгилеп, окуя болгон түнү үйүндө уктап жатканын айткан. Бирок милиция окуя болгон түнү ал үйүндө эмес эле мончодо жүргөнүн билдирди. Мэр жабырлануучу өзү эле жыгылып түшүп мурду сынганын айтууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден таяк жедим деп милицияга даттанган Сыдык Мавлян уулу тосмо арыз жазды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жабырлануучу кийин мэрден токмок жебей эле өзү мончондон чыгып баратып жыгылып, мурду сынганын айткан.

Буга чейин Жалал-Абад мэри жеке мончосунда айылдык кеңештин депутаты Сыдык Мавлян уулуна кол көтөрдү деп айтылган.

"Териштирүүдө жаңжалга мэр катышканы аныкталган жок. Бардык күбөлөр мэрге карата көрсөтмө берген эмес. Жабырлануучу да "арызымды карабай эле койгула, мен ачууга алдырып жазып жибергем" деп кайра тосмо арыз берди. Анын айтымында, негизи мончо түнкү саат 12ге чейин иштечү экен, алар 1.30га чейин отурушуптур. Мэр үй-бүлөсүн алып кеткени мончого барганда, отурган балдарды көрүп "эртерээк кетпейсиңерби саат 1.30 болду, биз 12ге чейин эле иштейбиз" деп эскертип койгон экен. Анан ал чыгып баратып өзү тайып жыгылган. Ооруканага барганда ачуусу менен "мэр Мураталы Тагаев урду" деген", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Жабырлануучунун апасы Уркуя Эркинбаева баласы Сыдык Мавлян уулу жигитчиликке салып кайра тосмо арыз жазганын тастыктады.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты
"Окуя мэрдин мончосунда болуптур, ошол түнү мага достору чалгандан кийин ооруканага алып барып жаткыргам. Дарыгерлер мурду сынып, мээси чайкалганын айтышты. Анан "кандай эле менин баламды урат" деп жиним келип, арызды мен жаздыргам. Уулум каалаган эмес. Макул жазбасаң да, дарыланып ал десем болбой ооруканадан чыгып кетти. Азыр баламдын абалы жакшы. Тосмо арызды эмнеге бергенин сурасам, "жигигитчиликте мындайлар болуп турат" деп койду. Ошол боюнча унчукпадым. Өзү айылдык кеңештин депутаты, 30 жаштагы үй-бүлөлүү жигит, калганын өзү чечет да", — деди Эркинбаева.

Белгилей кетсек, окуя 3-июлга караган түнү саат 1.30дар чамасында Жалал-Абад калаасынын башчысына таандык делген "Тагай Бий" мончосунда болгон. Жабырлануучу ооруканага келгенден кийин милицияга арыз жазган. Ошол маалда мэр Мураталы Тагаев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жаңжалга такыр тиешеси жоктугун белгилеп, окуя болгон түнү үйүндө уктап жатканын айткан эле. Деген менен милиция окуя болгон түнү ал үйүндө эмес эле мончодо жүргөнүн билдирүүдө. Мунун жөнүн билүү үчүн кабарчы мэр менен бүгүн да байланышты.

"Күндүзү өзүмдүн ишимде болуп, түнү саат 12де үй-бүлөмдү алып кетүүгө келгенмин. Кызматкерлер ичиндеги кардарлар "кызып калыптыр, кетпей жатышат" дегенинен кирип "койгула балдар, биз жабылып жатабыз. Чыкпайсыңарбы" деп эскерткем. Мончодон келинчегимди алып түнкү саат 12ден өткөндө кеткем. Мурда айткандай эле мен саат 1.30да үйдө уктап жаткам. Мен кеткенден кийин жаңжал болуп же болбогонун билбейм. Жабырлануучу өзү мас болгондуктан буту тайып жыгылып, кафелге мурду менен тийиптир. Тергөөчү мени чакырды, арыз жазган адам менен беттештик. Ал ачуусу менен эле менин атымды жазып койгонун айтты", — деди Тагаев.

Сөз арасында мэр жубайы "Тагай Бий" мончосун иштете турганын моюндап, өзү күнүгө саат 12лерде келип отчёт алып, кызматкерлерге айлык төлөп турарын айтып, ишкердик менен алектенерин ачыктап алды.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө эки адамдын атылышы: ИИМ жаңжал эмнеден чыкканын айтты
"Мен күн сайын саат 00.00дө мончого келем. Аны жашырбайм деле. Бул жерден отчёт алып, кызматкерлерге күнүмдүк акысын берем. Бул мончо менин туугандарыма катталган. Келинчегим администратор болуп иштеп, бүт жагын тейлеп карайт", — деди калаа мэри.

Ушул сөзүнөн кийин кабарчы мыйзам боюнча анын азыркы ээлеген кызматы ишкердик кылууга тыюу саларын эстеткенде, Тагаев биринчи айткан сөзүн танууга аракет кылды. Кайра ал "келинчегимди алып кетүүгө келип, анын иши бүткөнчө күтүп отурам" деген болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0