Жүрөк ритминин көрсөткүчү. Архивдик сүрөт

"Болот Шамшиевдин унаасын уурдады" деп шектелген балдардын бири көз жумду

708
(жаңыланган 17:41 08.07.2019)
Шамшиевдин унаасы 2018-жылы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалып, көп өтпөй шектүү катары үч киши кармалган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Былтыр кинорежиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдады деп шектелип, тергөө абагына киргизилген 25 жаштагы Юрий Ликов өз үйүндө каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлар Ликовду №1 СИЗОдо жатып, оорудан көз жумду деген маалымат тараткан. Мындан улам Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кабарды төгүндөдү.

"Шектүү ушул жылдын 2-майында ден соолугуна байланыштуу №1 СИЗОдон №47 абакка которулган. Ал жактагы дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөндөн кийин Улуттук кардиология институтуна жөнөтүшкөн. Ошондон бери конвойдун кайтаруусунда дарыланып жаткан. Бирок 2-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган. Ооруканадан ары үйүнө кетип, ошол жактан каза болуптур", — деди Сабатарова.

Эске салсак, Шамшиевдин унаасы 2018-жылы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалган. Бир нече күндөн кийин автокөлүк Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Уурулар машинанын баалуу бөлүктөрүн чыгарып, калганын өрттөп ийгени айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, эки адам кармалган. Алардын бири Ликов болгон.

Бирок милиция машина уурдоого үч адам катышкан деген маалымат тараткан эле. Кийинчерээк үч достун эркиндикте жүргөнү, 32 жаштагы Э.Т. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда адам өлүмүнө шектелип кармалганы маалымдалган.

708
Белгилер:
өлүм, шектүү, Болот Шамшиев, ЖАМК
Тема боюнча
Бишкекте кассирди чаап жиберди делген шектүү таксист кармалды

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

35
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

35
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?
Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитинин архивдик сүрөтү

Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти

36
(жаңыланган 22:53 04.06.2020)
Каза болгон жарандын артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Аны үйүнүн жанынан өлтүрүп кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Йеменде белгисиз адамдар Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитини атып кетишкендигин RT агенттигинин Telegram-каналында кабарлады

"Ал Ruptly үчүн сюжет тартып жүргөн жана муну менен катар башка агенттиктер да иштечү. Набилдин артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды", — деп жазат RT.

Журналист Аден шаарындагы өз үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

36
Белгилер:
өлүм, журналист, Йемен
Тема боюнча
Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти
Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу