Милициянын издөө иштери. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдөгү эки адамды өлтүргөн киши 5 күндөн бери изделип жатат

84
(жаңыланган 10:39 09.07.2019)
Эки кишини өлтүргөн адам кырсыктан кийин из жашырган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эңилчек жайлоосундагы "Хан-Теңири" лагеринде эки кишини өлтүрүп из жашырган кароолчуну издөө иштери уланууда. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал ок чыгаргандан кийин бир аялды барымтага алып, тоону көздөй кетип из жашырган.

Милициядан аны издөөгө жолду жакшы билген мергенчилер, чек арачылар тартылган. Буга чейин барымтага алынган Ирина Лунева анын таптырбайм дегенин Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып берген.

"Ооба, анын бир магазин толтура огу бар экенин көргөм. Аны милиция издээрин айтсам, "тирүү бойдон колго түшпөйм, өлүгүмдү да таптырбайм" деди. Мени таңга маал коё берди", — деген ал.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов буга чейин "арак ичип отуруп сөздөн-сөз чыгып, бири-бирине кемсинткен сөз айткан. Анан отургандардын бири экөөнү атып салган", — деп билдирген.

Бирок кийин каза болгон директордун орун басарынын тууганы окуя кандайча болгонун айтып, анын арак ичпегендигин кошумчалаган.

Эске салсак, 2019-жылы 4-июлда, Сырт өрөөнүнүн Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин кароолчу атып салганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Мындан сырткары, ошол жердеги жылкычы бычак жеп, 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделүүдө.

84
Белгилер:
лагерь, аңчылык, Эңилчек, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
Көлдүн лагериндеги эки адамдын өлтүрүлүшү (15)
Тема боюнча
Окуя башкача болгон... "Хан-Теңириде" атылган кишинин тууганы жаңы жагдайды айтты
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү