Бычак. Архив

"Балаң аркылуу өч алдым!". Сузакта бычакталган жеткинчектин үйүнөн кат табылды

4619
(жаңыланган 10:25 10.07.2019)
Учурда кылмыш болгон үйгө кошуна жашаган жарандар жана маркумдун бир тууган эжеси сурак берип жатышат.

ОШ, 9-июл. – Sputnik. Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Каңды айылында 11 жаштагы бала бычакталган үйдөн өспүрүмдүн атасынын аты жазылып, "Мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым" деген кат табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Шеркул Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кылмыш болгон үйгө кошуна жашаган жарандар жана маркумдун бир тууган эжеси сурак берип жатышат.

Окуя болгон үйдүн дааратканасынан аялдын жана эркек кишинин кан болгон кийимдери жана бычак табылган.

Баланын сөөгү бүгүн саат 11:00дөр чамасында жерге берилди.

Маалым болгондой, үй-бүлө башчысы жана жубайы окуя болгон учурда жумушта болгон. Баланын энеси Каңды айылындагы бала бакчада тарбиячы болуп иштесе, атасы жүргүнчү ташып иштейт.

Маркум төрт бир туугандын кичүүсү болгон. Эки агасы жана бир эжеси бар.

Эске салсак, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Каңды айылында 8-июль күнү саат 13:00дөр чамасында 11 жаштагы окуучу бала өз үйүндө бычакталган. Анын колу-буту скотчтолуп, бир нече жерине бычак сайылган. Сөөгү үйдүн кире беришинен табылган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

4619
Белгилер:
милиция, кылмыш, бычак, бала, Сузак району
Тема боюнча
Сузакта 11 жаштагы баланы үйүнөн бычактап кетишти
Ош шаарында төрт кишини топурак басып калды

Ош: чуңкур казып жаткан төрт адамды топурак басып калып, бирөө көз жумду. Сүрөт

315
(жаңыланган 20:38 10.07.2020)
Жумушчулар шаардагы Биринчи  май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн чуңкурда иштеп жатышкан. Каза болгон кишинин сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ош шаарында төрт кишини топурак басып калып, бирөө каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • В Оше на улице Первого мая при прокладке труб для питьевой воды в траншее обвалился грунт
    Ош шаарында төрт кишини топурак басып калып, бирөө каза болду
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • В Оше на улице Первого мая при прокладке труб для питьевой воды в траншее обвалился грунт
    Ага ылайык, жумушчулар шаардагы Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн чуңкурда иштеп жатышкан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ош шаарында төрт кишини топурак басып калып, бирөө каза болду

Ага ылайык, жумушчулар шаардагы Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн чуңкурда иштеп жатышкан.

"Топурак басып калган төрт адамдын бири кырсык болгон жерден көз жумган. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Үчөө Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, алардын абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Аларды ӨКМдин куткаруучулары сактап калып, каза болгон кишинин сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

315
Белгилер:
чуңкур, таза суу, кырсык, топурак, ӨКМ, Ош
Тема боюнча
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
Бишкектин чок ортосунда Тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылды

Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео

231
(жаңыланган 16:56 10.07.2020)
Тез жардам тобу күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда тез жардам автоунаасы кырсыкка кабылып, ала салып кетти. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган. Тез жардам унаасы Toyota менен кагышкан.

Патрулдук милиция кызматына 14:20да билдирүү келген. Тартип коргоочулардын билдиришинче, Тез жардамдын ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

  • В центре Бишкека вследствие ДТП опрокинулась машина скорой медицинской помощи
    Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган
    © Фото / Бактыбеков Элхан
  • В центре Бишкека вследствие ДТП опрокинулась машина скорой медицинской помощи
    Тез жардам унаасы Toyota менен кагышкан
    © Фото / Бактыбеков Элхан
1 / 2
© Фото / Бактыбеков Элхан
Кырсык Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталган

Мэриянын Sputnik агенттигине билдиргендей, ал Бишкектеги медициналык Тез жардам борборунун автоунаасы. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочусу жеңил жаракат алган, ал эми андагы медайымдын буту сынган деп айтылууда.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Дарыгерлер күндүзгү стационардагы сыркоону Фтизиатрия улуттук борборуна жаткырып, кийинки оорукчанга келе жатканда кырсыкка кабылышкан.

231
Белгилер:
Бишкек, патрулдук милиция, жол кырсык, унаа, тез жардам
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив

Курсан Асанов пневмония болуп ооруканага түшүп, соту жылдырылды

50
(жаңыланган 00:52 11.07.2020)
Эске салсак, шаардын Биринчи май райондук сотунда Асановго козголгон кылмыш иши боюнча жараян болмок. Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өпкөнүн эки тараптуу пневмониясына чалдыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Ал шаардагы ооруканалардын биринде дарылана баштаганын айтып, буга байланыштуу сот жараяны жылдырылганын кошумчалады.

Эске салсак, шаардагы Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановго карата козголгон кылмыш иши боюнча жыйын болмок.

Суракка чакырылган экс-министр Космосбек Чолпонбаев оор абалда ооруканага түштү

Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Анын артынан жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековду ушул жылдын 20-январында Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган. Бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган. Мындан сырткары, Асановдун жубайы жана туугандары да суракка чакырылганы айтылган.

Ал эми уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

50
Белгилер:
кылмыш иши, сот, оору, оорукана, пневмония, Курсан Асанов
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды