Стол. Архивдик сүрөт

Токмоктогу тойдо уулангандардын саны 174кө жетти. Негизги себеби аныкталды

2877
(жаңыланган 16:52 09.07.2019)
Изилдөө учурунда тамак-аш менен идиш-аяктардын үлгүлөрү алынып, бейтаптардын анализи да текшерилген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Токмоктогу тойдон кийин дарыгерлерге кайрылгандардын саны 174кө жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 29-июнда Токмоктогу тойканалардын биринде үйлөнүү той болгон. Алгач ууланды деп 67 киши кайрылса, кийин алардын саны 117ге жеткен болчу.

"Жалпысынан 174 киши дарыгерге жардам сурап кайрылса, анын 78и ооруканага жаткырылган. Алардын баарына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда 10 адам жатып дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Изилдөө учурунда тамак-аш менен идиш-аяктардын үлгүлөрү алынып, бейтаптардын анализи да текшерилген. Уулануу сальмонеллёз бактериясынан улам болгону аныкталган.

Той өткөн "Мегаполис" рестораны Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин талаптарын толук аткарганга чейин кайра ишке кирбей турган болду.

2877
Белгилер:
той, үйлөнүү, КР Саламаттык сактоо министрлиги, уулануу, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Токмоктогу тойдо ууланган 117 киши. Министрлик бейтаптардын абалы тууралуу
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

23
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

23
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла! Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

1278
(жаңыланган 23:44 06.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй аны автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Sputnik Кыргызстан" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугарт трассасында автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, айбайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

Тартип сактоо органдарындагы маалымат булактары Токмокко чейинки жолдо айдоочу бир нече блок-постторду да жөөлөй, сүзүп кеткендигин айтышты.

 

1278
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт