ОШ, 9-июл. – Sputnik. Сузактын Каңды айылында 11 жаштагы баланы бычактап өлтүрүүгө анын 14 жаштагы бир тууган эжеси шектелип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, баланын эжеси психолог, педагог жана жактоочунун катышуусунда милиция кызматкерлерине көрсөтмө берген.
Өспүрүм кыздын көрсөтмөсүндөгү маалыматка караганда, ал иниси менен ойноп жатып, столго отургузган. Андан соң колу-бутун скотч менен байлап туруп бычак менен сайып жиберген.
"Шектүү кыз канды көргөндөн кийинки окуя кандайча болгонун билбей жатканын айтып көрсөтмө берди. Ал буга чейин дагы иниси менен колу-бутун байлап ойноп келгендигин кошумчалады", —деди Жээнтаев.
Кат боюнча сураганда: "Менин көзүмө ар нерсе көрүнчү эле, жан дүйнөм кыйналганда ар кандай маанидеги каттарды жазчумун", — деп жооп берген.
Шектүү кошуна аялга барып инисинин өлүп жаткандыгын айтып, бирок өзү бычактагандыгын жашырып койгон. Аял окуя болгон үйгө келип, андан соң милицияга кабар берген.
"Кыз чындап эле кылмыш ишин жашыруу максатында окуянын нугун башка жакка буруу үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн", — деди Жээнтаев.
Учурда кыздын буга чейин психологиялык жактан жабыркап-жабыркабагандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Каңды айылында 8-июль күнү саат 18:00дөр чамасында 11 жаштагы окуучу бала өз үйүндө бычакталган. Анын колу-буту скотчтолуп, бир нече жерине бычак сайылган. Сөөгү үйдүн кире беришинен табылган. Кийинчерээк "Балаң аркылуу өч алдым" деген кат табылган.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.