Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди

Бишкек Ош жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Сүрөт

1017
(жаңыланган 14:21 10.07.2019)
Кагышкан эки автоунаа тең жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

  • На трассе Бишкек — Ош столкнулись фура и минивэн, в результате чего скончались два человека, шестерых госпитализировали
    Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди
    © Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
  • На трассе Бишкек — Ош столкнулись фура и минивэн, в результате чего скончались два человека, шестерых госпитализировали
    Жол кырсыгы Кара-Көл шаарынан анча алыс эмес жерде, Бишкек — Ош трассасынын 200-379-чакырымында 9-июль күнү саат 15:30да болгон.
    © Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской области
Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди

Жол кырсыгы Кара-Көл шаарынан анча алыс эмес жерде, Бишкек — Ош трассасынын 200-379-чакырымында 9-июль күнү саат 15:30да болгон. Renault Premium 410.18 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектен Ошту көздөй арматура ташып бараткан. Жолдон Volkswagen Transporter менен кагышып кетип, эки автокөлүк тең жолдон чыгып кеткен.

Автокырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү жеринде мүрт кеткен. Айдоочу менен беш жүргүнчү Кара-Көл шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

1017
Белгилер:
жүргүнчү, оорукана, өлүм, жол кырсык
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (182)
Тема боюнча
Кырсык учурунда Абжалиевдин уулу рулда беле? Маркумдардын туугандарынын версиясы