Камакка алынган киши. Архивдик сүрөт

Токмокто дарыканадан акча уурдай качкан жигиттин соту жылдырылды. Себеби

200
(жаңыланган 14:11 10.07.2019)
Буга чейин Токмок шаарынын соту дарыканага кол салган кишини күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, акчалай айыпка жыккан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүй облустук соту Токмок шаарындагы дарыканадан акча уурдай качкан жигиттин ишин кароону кийинкиге жылдырды. Судьялар күнөөнү мойнуна алуу боюнча процессуалдык макулдашуу түзүүгө мүмкүнчүлүк бергендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине кишинин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай макулдашуу жоопко тартылып жаткан адамдын күнөөсүн жеңилдеткенге көмөкчү болот.

"Күнөөнү мойнуна алуу боюнча түзүлгөн макулдашуунун мааниси төмөнкүчө: ал иштин нугун түп-тамырынан бери өзгөртүп, соттун өкүмүн жеңилдеткенге жардам берет", — деп кошумчалады жактоочу.

Ишти кароо 2019-жылдын 29-июлуна жылдырылган.

Эске сала кетсек, "Токмоктогу дарыканалардын бирин карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти" делген 33 жаштагы жаранды шаардык сот 14-майда беш жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом төлөмөр кылган. Өз көрсөтмөсүндө ал баласы ооруп, акчасы жок болгондуктан курткасын күрөөгө коюп, сатуучудан дары берүүнү өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайтып келген да кассадагы акчаны алып кеткен.

Камакка алынган Замирбек Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кыз, бир уулу бар.

Мындай чечим социалдык тармакта ар кыл пикирлерди пайда кылып, көбү буга нааразы болгон.

Чуулуу ишти юристтер колго алган. Адвокаттар ал кишинин ишин бекер эле коргоп берүүгө белсенген. Кайра кароо Чүй облусунун сотунда 10-июлга белгиленген.

Укук коргоочулар менен юристтердин бир даары "сот чечими катаал чыгып калды" десе, экинчилери "мыйзам чегинде болду" деген пикирди карманышкан.

Sputnik Кыргызстан Токмок шаарына барып, акчаны уурдай качкан жигиттин энеси менен сүйлөшүп, иштин чоо-жайын билип кайткан.

200
Белгилер:
эркинен ажыратуу, сот, күнөө, уурдоо, акча, дарыкана, Токмок
Тема боюнча
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын
Токмокто баласына дары алам деп камалган ата. Өкүм чыгарган сот тууралуу факты
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

157
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

157
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

87
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

87
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот