Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгына кабылган унаа. Архивдик сүрөт

Кырсыктаган BMW X-7 бизге таандык эмес! Абжалиевдин уулунун өкүлү үн катты

6948
(жаңыланган 15:16 10.07.2019)
Депутаттын өкүлүнүн айтымында, кырсыктаган автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгына катышкан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековдин өкүлү Каныбек Жакшыбаев окуяга комментарий берди.

Ал кырсык учурунда BMW X-7 унаасын Элдияр Халмурзаев деген бала айдап баратканын, жанында Темирлан Токобеков, артында дагы бир Азамат деген жигит отурганын айтууда.

"Автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык. Элдияр Халмурзаев ал фирмада айдоочу болуп иштечү. Ошол компаниянын автоунаасын алып, командировкага кеткен экен. Бизге жеткен маалымат боюнча BMW саатына 70-80 чакырым ылдамдыкта өз жолу менен бараткан. Lexus сол тарапка бурулуп жатканда кагышыптыр. Ал унаанын айдоочусу УКМКнын кызматкери экен", — деди Жакшыбаев.

Ошондой эле ал депутаттын жакындары кырсыктан каза болгон балдардын тажыясына барып, жаназасына катышканын билдирди.

"Кырсык деген кырсык экен, ар адамдын башында бар. Мындай болорун эч ким күткөн эмес. Азырынча тигиге же буга күнөө кое албайбыз. Иштин акыйкат тергелишине биз дагы ынтызар болуп турабыз. Тергөөгө тоскоолдук кылып, видео жазууларды өчүрткөн эмеспиз. Темирлан Токобеков жүргүнчү катары баратканын жана унаа ага таандык эместигин дагы бир ирет белгилеп кетем. Ушундай кырсыктан саясат жасабай эле коюуну суранат элек", — деп кайрылды Жакшыбаев.

Соңунда ал Темирлан Токобековдун абалы учурда орто экенин кошумчалады. Буга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков анын мээси чайкалып, жамбашы сынганын айткан. Депутаттан сырткары, унаада бараткан эки жигиттин абалы да орто экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, 7-июлда таңга маал Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми жолтандабаста Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду. Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жатканын, Токобеков жүргүнчү экенин билдирүүдө.

6948
Белгилер:
өлүм, автоунаа, кырсык, Чолпон-Ата, депутат, Алиярбек Абжалиев
Тема:
Депутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы (20)
Тема боюнча
Депутаттын баласы катышкан автокырсыкта талкаланган Lexus менен BMW. Сүрөт
Көргөндөр болсо, кайрылгыла! Депутаттын уулу катышкан кырсыкка күбө болгондор изделүүдө
Ооруканадагы медик. Архивдик сүрөт

COVID-19: 11 кишинин абалы оор, экөө реанимацияда

53
(жаңыланган 10:35 06.06.2020)
6-июнга карата Кыргызстанда  COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 974 болду. Алардын ичинен 22 бейтап каза тапты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жаткандардын арасынан 11 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө стационарда 592 бейтап дарыланууда. Он биринин абалы оор болсо, ичинен экөө реанимацияда”, — деди Үсөнбаев.

Сакайып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 1360ка жетти.

6-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 974 болду. Алардын ичинен 22 бейтап каза тапты.

53
Белгилер:
оорукана, бейтапкана, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Саны азайбай койду. Бүгүн 11 медиктин COVID жуктурганы аныкталды
Кыргызстанда өткөн суткада 20 бейтап коронавирустан айыкты
Кан анализин алуу. Архивдик сүрөт

Бүгүн Кыргызстанда 38 кишиден коронавирус табылды

265
(жаңыланган 10:32 06.06.2020)
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны ушуну менен 1974кө жетти. Бүгүн айыгып, үйлөрүнө чыккандар да бар.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Аймактарга бөлө келгенде Бишкек, Чүй жана Ош калаасынан көп экени байкалды. 

Бишкек шаарынан 9, Чүй облусунан 10, Ош шаарынан 11, Нарындан үч, Ош, Жалал-Абад облустарынын экиден, Баткенден бир адамдан COVID-19 чыкты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны ушуну менен 1974кө жетти.

265
Белгилер:
статистика, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу
Трактор оңдоп аткан киши. Архивдик сүрөт

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

6
(жаңыланган 12:21 06.06.2020)
Аймактарда дыйканчылык  менен мал чарбасын жолго салып алгандар көп. Алар маңдай тери менен киреше таап, ишкерликтин жаңы түрүн өздөштүрүп, өз алдынча жаңы жумуш орундарын түзүү менен алек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошондой элеттик жаратмандарды издеп, алардын ийгиликтери менен бөлүшүүнү эп көрдү.

Бүлүнгөндү бүтүн кылган Бакыт

Чүй районуна караштуу Кегети айылынын тургуну Бакыт Исаев өз колу менен үч айда жаңы трактор курап чыккан. Мурдагы экономист, юрист адистиктери боюнча мамлекеттик кызматты аркалаган элеттик жаранга өмүр бою механизатор болуп эмгектенген атасы жол көрсөтүп, кеп-кеңешин берген.

Исаевдин айтымында, ата-бала бузулуп жаткан техникалардан кубаттуу трактор жасап чыккан.

"Союз тараганда бир топ техника таланып-тонолуп, бөлүктөрү ар кайсы жерде калган. Биз жаңы тракторду төрт техникадан чогулттук. Мисалы, ХТЗ Т-150нүн рамасын, К-700 тракторунун арткы мостун, МАЗдын кыймылдаткычын, КамАЗдын коробкасын алып кабинасын өзүбүз жасадык. Жалпы 14 миң доллардай каражат кетти. Азыр жер айдап бүтүп арык чийгенге кириштик. Азыр ушундай трактор жасап бергиле деп кайрылгандар да чыгууда. Кубаттуулугу 330 аттын күчүнө жетти. Мындай күчтүү тракторлордун жаңысы Европа өлкөлөрүндө азыр 120 миң евро турат", — деди Исаев.

Ошондой эле жаңы автокөлүктү  каттап, ага документ алууда кыйынчылык болуп жаткандыгын кошумчалады.

Киномеханик, уста, токойчу Бекешов

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балбай айылында жергиликтүү тургун Кылыч Бекешов аймактарда жашагандарга чакан гидроэлектрстанцияларды жасап берет. Түп районунда токойчу болуп иштеген жаратман инсан ал кызматты өзүнүн негизги жумушунан сырткары аркалайт.

Бекешовдун пикиринде, ал жасап берген чакан ГЭСтер кеңири жайылса, жайлоодогу малчылардын жашоо-шарты кыйла жеңилдемек.

"Тоого жана айылга чакан ГЭС жасап орнотком. Каркыра жайлоосуна бир малчыга да жасап бергем. Аны көчмө кылып чогултууга да болот. Чабандар көчүп-конгондо өзүнө ылайыктап сууга жайгаштырып алат. Ага көп деле каражат, темир-тезек кетпейт. Жыйынтыгында малчылар жарык менен камсыз болуп, уйларын аппарат менен саап, өздөрүнө жакшы шарт түзүп, бекер энергияны көпкө чейин колдоно алат. Арыктагы суунун көлөмүнө жараша бир же эки киловатт электр энергия өндүрсө болот. Аны менен үйдү да жылытууга болот. Буюртма бергендерге да жасап берип жатам", — деди ал.

Союз учурунда киномеханик болуп иштеп калган 58 жаштагы Бекешов, мындан сырткары 30 түтүн болуп жашаган малчылардын чакан айылына он чакырым алыстыктан таза суу чыгарып берген. 

Чабак багып, чарбасын жанданткан Урумкулов

Мурда мал жана  дыйканчылык менен алектенген Алмазбек Урумкулов төрт жылдан бери чабак өстүрүп, ишкерликтин бул түрүн жолго салып алган. Ал Тоң районунун Ак-Өлөң айылында чарба ачып, бир топ балык чарбаларды чабак менен камсыздайт.

"Бул ишти ачууга 50-60 миң доллар сарптап, ишкананы дүйнөлүк стандарт менен салдык. Икраны Польша, Италия, Франция, Даниядан буюртма кылып алдырабыз. Сууга бир-эки ай баккандан кийин эле Чүй, Нарын, Ысык-Көлдөгү балык чарбалар сатып алып кетишет. Балык багуу, анын ичинде икраны өстүрүү өтө чоң мээнетти талап кылат экен. Мына төрт жылдан бери өстүрүүнү үйрөнүп келе жатам. Сууда өлүп калган икралар тез арада алынбаса, анын жанындагылар кете баштайт экен. Андан сырткары, тамагын берип, дарылап туруу керек. Кээде чет өлкөдөн 500 же 800 миң сомго чейин икра алдырабыз. Түйшүгү өтө көп, бирок эки айда эле киреше табууга болот", — деп Урумкулов кеп-кеңеши менен бөлүштү.

Ошондой эле 58 жаштагы элеттик иштерман жети гектар жерге өрүк өстүрүп, Кочкор районунда 100 миңдей балык багат.

Мөмөлүү бактардын эбин тапкан багбан

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Аллаяр Бостонов 10 гектардан ашык адыр жерди иштетип, ал аянтка мөмөлүү дарак тиккен. Багбан жыл сайын 100 тоннадан ашык түшүмдү чет өлкөгө сатып, жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыз кылат.

Жаш багбан айыл жеринде жашагандарга кеп-кеңештерин да айтып өттү.

"2001-жылы кайрак талаанын 11 гектарына алчанын көчөтүн тиккем. Азыр ал жерде 4000 түпкө жакын өрүк, алча өсүүдө. Быйыл жети гектарга 45 000 көчөт отургуздук. Бакчабызда түшүм жыйноо маалында күнүнө 500гө чукул киши жумушка чыгат. Эң негизгиси азыр мээнет кылыш керек. Саясат менен алектенип отура бербей кыймылдоого убакыт келди", — деди Бостонов.

Жаш ишкер бакчасынын жанына төрт жыл мурда мөмө жана жер-жемиштерди консервациялаган чакан ишкана ачкан. Анын күнүнө беш тонна түшүмдү кайра иштүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.

Алыста жүрсөм уй сарайга онлайн көз салып турам

Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ал күнүнө 30 литр сүт берген асыл тукум уйларды, салмагы 7,5 килограммга чейин жеткен үндүктөрдү багып, өзүнүн жеке чарбасын жолго салган. Фермер 12 гектарга беде эгип, кара өрүк бакчасын карап, мал чарбачылыгынын аркасы менен киреше табат. 

Предприниматель Күлчоро Аксакалов держит скот четырех видов и обеспечивает работой более десяти человек в селе
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов
"Өзүбүздүн жерди жана ижарага жер алып иштетебиз. Жыл сайын беде, арпа, буудайды кенен эле жыйнайбыз. Гиссар кой, "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз. Ал жерде ондон ашык адам иштейт. Жумушчуларыбыз 15 миң сомдон жогору айлык алат. Жыл аягында кой, торпок белек кылабыз, жакшы шарт түзүп бергенбиз. Мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам. Себеби малга жем-чөбүн өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып турушу керек. Чарбада уйлар түркиялык аппарат менен саалат. Буюрса, чет өлкөдөн асыл тукумдуу мал алып келели деген ниеттер бар. Австралиядан страус алып келейин деп жатам. Учурда өзүбүздүн канаттуу, мал кармаган сарайларды оңдоп-түздөп, тоют ала турган аянттарды көбөйтүүдөбүз", — деди Аксакалов.

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

Предприниматель Күлчоро Аксакалов держит скот четырех видов и обеспечивает работой более десяти человек в селе
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Күлчоро Аксакалов: мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

6
Белгилер:
ишкер, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек
Элеттиктер гумжардам эмес иш билги адиске муктаж экен. Айыл арманын укчулар барбы
Фрунзедеги батирден баш тарткан мугалим. Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны