Ак-Буурага кулаган машинадан бир киши аман калып, экинчиси каза болду

© Sputnik / Айша КамиловаРабота Ошского муниципального предприятия "Ошгорводоканал"
Работа Ошского муниципального предприятия Ошгорводоканал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында болгон.

ОШ, 11-июл. — Sputnik. Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кеткен эки адамдын бири аман калып, экинчисинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Река - Sputnik Кыргызстан
Көкөмеренге кулаган унаа: аткаминердин жубайынын сөөгү табылды
Кырсык 10-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында болгон. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары 28 жана 18 жаштагы эки жигит ВАЗ 2107 унаасы менен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Автоунааны айдап бара жаткан 28 жаштагы жигит суудан чыгууга жетишкен, ал эми унаанын жүргүнчүсү машина менен кошо агып кеткен.

Айдоочу Чычкан-Кол айылындагы Папан айылдык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 18 жаштагы жигитти издөө үчүн Папан айыл өкмөтүнөн бир экскаватор, республикалык куткаруу отрядынан сегиз куткаруучу, 30га жакын жергиликтүү тургун жана милициянын үч кызматкери тартылган.

Жүргүнчүнүн сөөгү Папан айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылынын жанындагы Ак-Буура дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал окуя болгон жерден болжол менен 2 чакырым алыс жерге чейин агып кеткен. ВАЗ 2107 унаасы саат 17:00дөр чамасында суудан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0