Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме

© Фото / © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан агенттиги жогорку кызмат адамдары жана алардын жакындары катышкан жол кырсыктарын тизмектеп көрдү.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Июнь айынын соңунда жана июль айынын башында кызмат адамдары кабылган эки жол кырсыгы коомчулукту сестендирди. Бир трагедия Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү менен сууга түшүп кетиши болду. Ал эми дагы бир кырсыкта депутаттын уулу жаракат алып, башка унаадагы төрт кишинин бири да тирүү калган жок.

Коомдо чоң талкуу жараткан бул окуялардан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аткаминерлер жана алардын жакындары кабылган жол кырсыктарын тизмектеди.

ЖК депутатынын уулу, шаардык кеңештин депутаты — Темирлан Токобеков

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЧолпон-Атада төрт кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Анда BMW X7 автоунаасы менен Lexus ES 330 кагышкан.
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада төрт кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Анда BMW X7 автоунаасы менен Lexus ES 330 кагышкан.

2019-жылы 7-июлда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду. Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап жүргөнүн маалымдады.

Абдылдаевдердин трагедиясы

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев

2019-жылы 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда авто кырсык болгон. Анда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу) менен Көкөмерен суусуна түшүп кеткен. Эки күндөн кийин Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылган. Кийин куткаруучулар суудан небереси менен жубайынын сөөгүн алып чыгышты. Учурда маркум аткаминердин уулунун сөөгү изделүүдө.

Экс-министр Малабаев бараткан жол тандабас тоодон кулап...

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиМурдагы министр Аргынбек Малабаев ичинде бараткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа тоодон кулаган
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы министр Аргынбек Малабаев ичинде бараткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа тоодон кулаган

2019-жылы 27-январда мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жакындары менен Сокулуктун "Белогорка" капчыгайына аңчылыкка чыккан. Анда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа тоонун кыры менен бара жатып, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Мунун кесепетинен бир адам каза болуп, үчөө жаракат алган. Кырсыктаган Малабаев реанимацияга түшүп, үч кабыргасы сынып, мээси чайкалганы айтылган.

Жусупали Исаев

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупали Исаев жол кырсыктан каза болгон
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупали Исаев жол кырсыктан каза болгон

2018-жылы 18-февралда Баткендеги Ош — Исфана жолунда болгон жол кырсыктан мурдагы депутат Жусупали Исаев каза болгон. Маалыматка ылайык, мурдагы эл өкүлүнүн автоунаасы жол четинде бузулуп турган КамАЗга урунган.

Энесинен айрылган депутат Нодирбек Каримов

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыктан энесин жоготкон
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов жол кырсыктан энесин жоготкон

2018-жылы 21-октябрда ЖКнын депутаты Нодирбек Каримов Бишкек - Ош жолунда автокырсыкка кабылып, автоунаада уулу менен кошо кетип бара жаткан энеси каза болгон.

Темир Жумакадыров

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМаркум вице-премьер Темир Жумакадыров бараткан Land Cruiser автоунаасы жол кырсыгына кабылган
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Маркум вице-премьер Темир Жумакадыров бараткан Land Cruiser автоунаасы жол кырсыгына кабылган

2017-жылы 7-октябрда саат 7.30дар чамасында Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Садовое айылында Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров көз жумган. Кырсык болгон жерде вице-премьер менен чогуу кетип бараткан жардамчысы менен айдоочусу мүрт кеткен.

Тайырбек Сарпашевдин талкаланган кызматтык автоунаасы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев

2015-жылы 14-июлда ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Land Cruiser V8 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы жол кырсыкка кабылган. Сарпашев 13-июлда Баткенге учуп, андан кийин автоунаа менен Баткен — Ош — Жалал-Абад маршруту менен келиши керек болчу. Анын айдоочусу Сарпашевди түштүктөн тосуп алыш үчүн кетип баратып, 14-июлда Таш-Көмүр шаарын аралап өткөн Бишкек – Ош жолунда рулду башкара албай, автоунаа ала салып кеткен. Биринчи вице-премьердин айдоочусу түрдүү жаракаттарды алып, Таш-Көмүр шаарындагы ооруканада беш күндөй дарыланып, үйүнө чыккан.

Депутаттын уулу Мээримбек Нурдинов

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматованын 1984-жылы туулган баласы Мээримбек Нурдинов 2013-жылы 21-июлда Чычкан капчыгайында болгон жол кырсыктан каза тапкан. ӨКМдин берген маалыматы боюнча, Toyota Camry автоунаасы Оштон келе жатып Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан.

Иса Өмүркуловдун баласы

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов

2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсык болуп, үч киши көз жумган. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтотулган. Бирок Азмат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, тосмо арыз жазган. Сот отуруму бир нече жолу жылдырылган. Ошентип сот Азамат Өмүркуловду шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыраткан.

Насирдин Исанов

© предоставлено Марией ИсановойКыргызстандагы алгачкы өкмөт башчы Насирдин Исанов
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы алгачкы өкмөт башчы Насирдин Исанов

1990-жылы президенттикке ат салышып, Аскар Акаевге утулуп калган Насирдин Исанов 1991-жылдын 21-январында эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй эле, премьер-министрдин "Волга" унаасы Ош — Жалал-Абад жолунда кырсыкка кабылып, каза болуптур деген суук кабар тараган. Тергөөнүн расмий берген маалыматы боюнча, Исанов бара жаткан унааны ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Окуядан бир гана Насирдин Исановдун каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан.

Анарбек Бакаев

Работа автосборочного предприятия Автотор - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу аралашкан кырсык. BMW X7 автоунаасынын эки номери болгонбу?
1996-жылы 21-октябрда Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча министри Анарбек Бакаев бара жаткан Volkswagen Passat кызматтык унаасы "Манас" аэропортунун жолунда кырсыкка кабылган. Анда да министрдин унаасын ЗИЛ жүк ташуучу машинасы келип сүзгөн. Окуядан көп өтпөй ЗИЛдин айдоочусу мас абалында болгондугу айтылган. Москвадагы дарыгерлердин жардамы менен да Анарбек Бакаевди сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0