Жолдогу автоунаа. Архив

Токмоктун жанындагы жол кырсык бир адамдын өмүрүн алды

71
(жаңыланган 10:13 12.07.2019)
Учурда маркумдун тек-жайы такталууда.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө бараткан Volkswagen Golf автоунаасы Токмок шаарына жакын жерден кишини коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 12-июлда түнкү саат 01:00дөр чамасында болгон. Жашы 40-45тер чамасындагы азиат тектүү киши кырсык болгон жерден каза болгон, учурда анын тек-жайы такталууда.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, автоунаа айып короого токтотулду. Материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

71
Белгилер:
жол кырсыгы, милиция, Токмок
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (160)
Тема боюнча
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Сүрөт
Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз жүк ташуучу автоунаанын алдында калып каза болду