Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти

Бишкекте Тез жардам унаасы машина менен кагышып, оодарылып кетти. Сүрөт

1018
(жаңыланган 12:38 12.07.2019)
Жол кырсыгы Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Жол кырсыгы Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Алдын ала маалымат боюнча, Тез жардам унаасындагы медайымдын колу чыгып кетсе, бейтап жеңил жаракат алган
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Ал эми эки унаанын айдоочуларынын абалы жакшы
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Ошондой эле Тез жардамдын айдоочусу жол чырактын жашыл түсүнө өткөнүн билдирген
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
  • В центре Бишкека опрокинулась машина скорой медицинской помощи марки УАЗ в результате столкновения с другим автомобилем
    Жерине башка медицина кызматкерлери келип, биринчи жардам көрсөтүштү.
    © Sputnik / Фурхат Курбанов
1 / 6
© Sputnik / Фурхат Курбанов
Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти

Анын айтымында, жол кырсыгы Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Тез жардам унаасындагы медайымдын колу чыгып кетсе, бейтап жеңил жаракат алган. Ал эми эки унаанын айдоочуларынын абалы жакшы.

"Тез жардам кызматынын айдоочусунун айтымында, Mercedes үлгүсүндөгү унаа Шопоков көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Ал эми Тез жардам унаасы Фрунзе менен батыштан чыгышты көздөй баратканда кагышуу болгон", — деди кабарчы.

Ошондой эле Тез жардамдын айдоочусу жол чырактын жашыл түсүнө өткөнүн билдирген. Жерине башка медицина кызматкерлери келип, биринчи жардам көрсөтүштү.

1018
Белгилер:
жол кырсык, тез жардам, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Токмоктун жанындагы жол кырсык бир адамдын өмүрүн алды
Кыргызстандын кайсы жеринде жол кырсыктар көп болот. Статистика
Милиция кызматкеринин фуржкасы. Архив

Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти

103
(жаңыланган 21:57 14.07.2020)
Кырсык бүгүн кеч курун Горький — Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркаган милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкекте Audi үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу тартип коргоо кызматкерин сүзүп кеткенин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 19:30дарда Горький — Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"29 жаштагы жигит Горький көчөсү менен күн батыш тарапты көздөй бара жатып Белорусская көчөсүнө жетпей жөө жүргүнчүлөр өтчү чийинден милициянын кайгуул кызматынын өкүлүн сүзүп алган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкеринин ооруканага жеткирилгени кошумчаланды. Ал эми айдоочу канында алкоголь бар-жогун аныктоо үчүн наркология бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

103
Белгилер:
айдоочу, чийин, милиция, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте таксист велосипедченди коюп кетти. Видео
Медик. Архивдик сүрөт

Стационарда иштеп көз жумган студент кыз. Өлүмдүн болжолдуу себеби айтылды

1451
(жаңыланган 16:07 14.07.2020)
Адинай Мырзабекова Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Стационарда иштеп жатып каза болгон студент кыздын сөөгүн ачып көрүштү. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, ал пневмониядан көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ Бишкектеги стационарлардын биринде иштеп жаткан 21 жаштагы студент Адинай Мырзабекова каза болгон.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо иши факультетинде 5-курста окучу. Акыркы күндөрү Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан.

Штаб COVID менен пневмониядан каза болгондорду көмүү эрежесин жарыялады

"13-июлда болжол менен 19:45те кыздын абалы кескин начарлап, карышып калган. Ага реанимациялык жардам көрсөтүлгөн. Бирок реанимациянын 40-мүнөтүндө, саат 20:45те үзүлгөн. Кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин өзүн жаман сезип жатканын айткан эмес. Кыздын сөөгүн ачып көрүштү. Алдын ала маалымат боюнча, студент кыз пневмониядан көз жумган",— деп айтылат маалыматта.

Министрлик акыркы диагноз соттук-медициналык изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин коюларын кошумчалады.

Медициналык окуу жайдын жетекчилиги бул боюнча кийинчерээк маалымат берерин айтты.

1451
Белгилер:
медайым, кыз, студент, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдө стационарга оор абалдагылар көп кайрылууда, эми медиктер үймө-үй кыдырат
Буудайды оруп-жыйноо. Архив

Элеттеги дыйкандар менен ишкерлер 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

2
(жаңыланган 09:02 15.07.2020)
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен насыя берилет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында элеттеги дыйкандарга жана ишкерлерге жалпы суммасы 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу 7 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Насыялар төмөнкү багыттар боюнча колдонулган:

  • өсүмдүк өстүрүүчүлүккө — 388,3 миллион сом;
  • мал чарбачылыкка — 2 миллиард 435,8 миллион сом;
  • кластерге — 185,2 миллион сом;
  • кайра иштетүүгө — 391,9 миллион сом;
  • ун өндүрүүгө — 363,8 миллион сом.

Кыргызстан жеке тараптарга насыя берүү үчүн карыз алмай болду

Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо — 8" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын негизинде февраль айынын ортосунан баштап дыйкан-фермерлерге 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя бериле баштаган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 миллиард сомдон ашат.

2
Белгилер:
айыл чарба, өкмөт, насыя, ишкер, дыйкан
Тема боюнча
Кыргызстанда пандемияга карабай чакан насыя алгандар көбөйдү
Корумду — Балбай жолун оңдоого Араб өлкөлөрүнөн 116 млн. доллар насыя алынат