ИИМдин кызматтык автоунаасы. Архив

Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылып, тумшугу талкаланды. Видео

1310
(жаңыланган 12:01 13.07.2019)
Тез жардам кызматына саат 10.32де чакыруу түшүп, дарыгерлер жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаада милициянын унаасы жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү WhatsApp-каналга билдирди. Ал эми кырсыктан кийин тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жайгаштырылган.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 13-июлда, саат 11.00 чамасында Токтоналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан милициянын унаасынын тумшугу талкаланып, жөө кишилер өтчү сызыкта турганын көрүүгө болот.

"Жаракат алгандар көрүнгөн жок, бирок ал жерде Тез жардам унаасы токтоп турат. Анын жанында бир топ милиция кызматкерлери турган. Бирөө жаракат алган окшойт", — деп билдирди окуянын күбөсү.

Ал эми Тез жардам кызматына аталган дарек боюнча саат 10.32де чакыруу түшүп, дарыгерлер чыгып кеткенин билдирди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча маалымат бере элек.

Кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 номериндеги WhatsApp же Telegram каналдарына кабарлаңыз.

1310
Белгилер:
унаа, милиция, жол кырсыгы, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (178)
Тема боюнча
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Сүрөт