Көкөмеренге кулаган автоунаа: аткаминердин уулунун сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүГорная река в Архызе
Горная река в Архызе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминердин баласы Илимбек Абдылдаев 26 жашта болчу.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Автоунаасы менен Көкөмерен дарыясына кулап, агып кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин баласы Илимбек Абдылдаевдин сөөгү эки жумадан кийин табылды. Бул тууралуу Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира Абдылдаева Instagram баракчасына "Байкушум а-ай, үмүтүм сенде эле... Иним табылды" деп жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💜💜💜 (@indira_567)

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон. Эки күндөн кийин аткаминер менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышкан. 4-июлда кечинде 8 жаштагы небересинин сөөгүн табышкан. Ал эми 10-июлда жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылган эле.

Илимбек Абдылдаев 26 жашта, үйлөнө элек болчу. 2016-жылдан бери Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин Маалыматтык коммуникациялык технологиялар саясатын түзүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0