Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев. Архивдик сүрөт

УКМКнын мурдагы башчысына издөө жарыяланды

(жаңыланган 12:08 15.07.2019)
Бусурманкул Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде сотко чейинки тергөө иштерин жасап жатат. Ал Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселеге байланышкан.

"Аталган иликтөө иштеринин алкагында учурда кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгон ошол кездеги Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө жана иликтөө боюнча тиешелүү иштер жасалууда.

Бусурманкулов 2006-жылы жана 2013-2015-жылдар арасында УКМКнын жетекчиси болуп да иштеген.

Батукаевдин иши

Эске салсак, Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.
Ушундан кийин Азиз Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп шектелген дарыгер, сот, аткаминерлер биринен сала бири кармалууда.

 

Белгилер:
издөө, Азиз Батукаев, Бусурманкул Табалдиев, Кыргызстан
Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (56)
Тема боюнча
Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
Сойул кармап турган адам. Архив

Жалал-Абадда бизнесмендерди сабап, коркуткан шектүүлөрдүн бири кармалды

(жаңыланган 17:29 20.04.2021)
Министрликтен билдиргендей, кылмышкерлер бизнесмендерди ээн талаага алып барып ур-токмокко алып турган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Милиция Кыргызстандын түштүгүндө бизнесмендерди өз көзөмөлүнө алууга аракет жасаган топ бар экенин кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топ "салык" төлөөдөн баш тарткан ишкерлер менен коммерсанттарды эл жок жерге алып барып сабап коркутуп турушкан.

"Жалал-Абадда апрель айынын башында үч киши 29 жаштагы ишкерди күчкө салып машина менен алып кетишкен. Аны ээн жерге алып барып акча талап кылып сабашкан", — дешти ИИМден.
Задержанный по подозрению в членстве организованной преступной группировки в Джалал-Абадской области
© Фото / пресс-служба МВД
Шектүү

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 16-апрель күнү Жалал-Абаддан 29 жаштагы шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Милиция учурда шериктерин издеп жатат.

Белгилер:
кылмыш, милиция, Кыргызстан, Бишкек
Тема боюнча
Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду

(жаңыланган 16:25 20.04.2021)
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.

Белгилер:
Мария Айтматова, оору, өлүм, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги