Баткенде жер силкинди

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Баткен облусунда бүгүн, 15-июнда, күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүү Баткен шаарында 2,5 балл, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 балл жана Бөжөй айылында 4 баллга чейин сезилген.

Кадамжай районунун Өтүкчү айылында төрт, ал эми Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0