Тааныганга жардам бергиле! Милиция Чоң-Чүй каналынан аялдын сөөгүн тапты

Жазылуу
30-35 жаштагы аялдын сөөгү Чоң-Чүй каналы менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинен табылган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чоң-Чүй каналынан аялдын сөөгү табылгандыгын шаардык милициядан кабарлашты.

30-35 жаштагы аялдын сөөгү Чоң-Чүй каналы менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинен 6-июлда табылган.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери келип, факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милициянын айтымына караганда, аял каналга чөгүп кеткен.

Горная река в Архызе - Sputnik Кыргызстан
Көкөмеренге кулаган автоунаа: аткаминердин уулунун сөөгү табылды
Белгилери: Европа тектүү, бою 160-165 сантиметр, чачтары саргыч-күрөң, ичинде тагы (7-8 сантиметр) бар. Оң колунда ак тактар бар, "Zara" деген жазуусу бар кара түстүү футболкачан табылган.

Тартип сактоо органдары учурда анын ким экендигин тактоо иштери менен алек болууда. Милиция аял тууралуу маалыматы бар адамдардын алар менен кабарлашуусун суранып, телефон номерлерин калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0