Нарында цистернага түшкөн уулун сактайм деген киши бензинге ууланып каза тапты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота АЗС "Газпромнефть" в Челябинской области
Работа АЗС Газпромнефть в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 16-июлда түштөн кийин болгон.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Май куюучу жайдагы цистернанын түбүндө калган бензинди куюп алам деп ага түшүп, эси ооп жыгылган 18 жаштагы баласын куткарам деген киши каза болду. Ал да ууланып, ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 16-июлда болжол менен саат 14:20лар чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Баетов айылындагы май куюучу жайдагы чуңкурга бир адам түшүп кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Ыкчам топ дароо окуя болгон жерге барган.

"Баетов айылынын 18 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну цистернанын түбүндө калган бензинди ташып чыгам деп кирип эсин жоготуп койгон. Аны алып чыгам деген И.Э. аттуу атасы өзү кошо бензинге ууланып, эсин жоготкон", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада И.Э. менен Э.Э. алынып чыгып, Ак-Талаа райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден И.Э. эсине келбей каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0