"Төртүнчү киши табыла элек". ӨКМ суудан чыгарылган машинада эч ким жоктугун айтты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВодолазы МЧС РФ обследуют акваторию побережья Алушты
Водолазы МЧС РФ обследуют акваторию побережья Алушты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар кырсыктагандарды үч күндөн бери издеп жатышат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ноокат районундагы Ош — Папан — Кожокелең жолунда кырсыктап Ак-Буурага түшүп кеткендердин автоунаасы табылганы менен акыркы төртүнчү киши табыла элек. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Летний сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Көлдө дайынсыз деп изделген казакстандык кантип табылганын айтып берди. Сүрөт
Куткаруучулар кырсыктагандарды үч күндөн бери издеп жатышат.

Эске салсак, 14-июлда Ош облусунун Ноокат районунда Ош — Папан — Кожокелең жолунда автоунаа Ак-Буура дарыясына ичиндеги төрт адамы менен кошо түшүп кеткен. Ошол эле күнү кечинде 56 жаштагы кишинин, ал эми эртеси таңда 73 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Аял кишинин сөөгүн 16-июлда алып чыгышкан.

Учурда автоунаанын ичиндеги акыркы 4-жүргүнчүнүн тагдыры белгисиз бойдон калууда.

"Издөө иштерин уланткан ӨКМдин 51 куткаруучусу унааны суудан таап, ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү унаа менен тарттырып чыккан. Ичинде эч ким болгон эмес", — деп жазылган маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен издөө иштери бүгүн улантыларын кошумчалашты.

Кыргызстанда жай мезгилинен бери сууга түшүп каза болгондордун, кырсыктагандардын саны арбын кездешип жатат. Алардын бири - дээрлик бир үй-бүлө автоунаасы менен сууга кулап каза тапкандардын трагедиясы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0