Сокулуктагы каналга 62 жаштагы аял чөгүп кетти

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 17-июлда болуп, аялды төрт куткаруучу издеген.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кечээ Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы "Быстроток" каналына 62 жаштагы аял чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Аялдын каналга түшүп кеткени боюнча маалымат 17-июлда түшөрү менен куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан.

"Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылып, саат 12:33тө аялдын сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0