Түтүк оңдоо. Архивдик сүрөт

Бишкекте минивэн көчөнүн ортосунда казылган аңга кирип кетти. Сүрөт

138
(жаңыланган 14:58 18.07.2019)
Жол кырсыгы 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде суу куурларын оңдоо үчүн казылган аңга Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетти. Кырсыктын сүрөтү "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. 

ЖКККББ маалыматты ырастап, жол кырсыгы 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

Кырсыкка кабылган машинанын ичинде айдоочу гана болгон. Ал жаракат алган эмес.

138
Белгилер:
Сүрөт, ЖКККББ, жол кырсыгы, Бишкек
Тема боюнча
Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу
"Төртүнчү киши табыла элек". ӨКМ суудан чыгарылган машинада эч ким жоктугун айтты