Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Архивдик сүрөт

Сурак учурунда Шамил Атахановдун абалы начарлап, Тез жардам чакырылды

451
(жаңыланган 13:55 19.07.2019)
Шамил Атаханов тергөө менен кызматташарын айтып, үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. ИИМдин имаратындагы сурак учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов өзүн жаман сезип, аны Тез жардам кызматы алып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү киши билдирди.

Атаханов 18-июлда ИИМге чакырылган болчу. Сурак маалында ал өзүн жаман сезип, укук коргоо органдары Тез жардам чакырган. Ал түштөн кийин ооруканага жеткирилген.

Буга чейинки сурак учурунда ал тергөө менен кызматташарын айтып, үй камагына чыгарылган болчу. Кийин ИИМ билдирүү таратып, Атаханов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирген.

Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозу коюлуп, мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында шектүү катары май айынын аягында тергөө абагына киргизилген болчу.

451
Белгилер:
тез жардам, ИИМ, сурак, Шамил Атаханов
Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (53)
Тема боюнча
Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
Батукаевдин иши: сот Салянованы тергөө абагында калтырды