ОШ, 18-июл. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды райондук сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокен райондук соту айыпталуучуну КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адамды уурдоодон кийин өлтүрүү") менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Азырынча өкүмгө карата апелляциялык арыз түшпөгөнү айтылат.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Масы айылынын тургуну уулу жоголгону боюнча арыз жазган.Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, КРдин Жазыктар кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Бала жоголгон күнү саат 14.00дө атасына бейтааныш адам чалып, баласы үчүн 120 миң доллар талап кылган.
Ошол эле номерден бир сааттан кийин "Өзүм байланышам. Милицияга кабар берсең, балаңды өлтүрөм. Акчаны он күндүн ичинде тап" деген тексттеги билдирүү келген.
Укук коргоочулар ошол эле түнү шектүүнүн ким экенин аныктаган. Ал Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ошондой эле наристе уурдалгандан бир нече сааттан кийин өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Шектүү баланын сөөгүн айылдын четиндеги талаага көмүп койгонун айтып берген.
Тергөө маалында белгилүү болгондой, шектүү менен баланын атасынын ортосунда аласа-бересе боюнча пикир келишпестик болгон. Ал уулун жоготкон адам менен ишкерлик жаатында бирге эмгектенип, үй-бүлөсүн жакшы тааныгандыктан, баланы эч тоскоолдуксуз алып кетип калган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өткөн суткада КРде 55 кишиден коронавирус аныкталып, 60 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны өлкөдө 86 506га жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, илдет Ысык-Көл облусунан бир бейтаптын өмүрүн алган. Аны кошкондо жалпы 1 471 адам акка моюн сунду. Азыркы учурда коронавирус жуктурган 344 бейтап ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 83 адам оор абалда болсо, 17синин абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган эмес.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менен магнитудасы 4,9га жеткен жер титирөө катталганын Европанын жер ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.13тө катталган.
Felt #earthquake (#землетрясение) M4.3 strikes 49 km NW of #Karakol (#Kyrgyzstan) 1hr 19min ago. Please report to: https://t.co/pS3AzHVYDW pic.twitter.com/vKxrErzMKe
— EMSC (@LastQuake) March 6, 2021
Жер титирөөнүн эпицентри Каракол шаарынан түндүк-батышты көздөй 49 чакырым алыстыкта экени айтылып, ал эми очогу беш чакырым тереңде экени белгилүү болду.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адан Гебрейесус коронавирус пандемиясын согуштук иш-аракеттер менен салыштырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып "Известия" жазды.
Гебрейесус ооруну жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцина өндүрүүдө мамлекет башчылары биригиши зарыл экенине токтолгон.
"Пандемиядан улам дээрлик мамлекеттердин баары чек арасын жабууга аргасыз болуп, ал кичи жана ири бизнеске терс таасирин тийгизди. Ошол себептен биз согуш жүрүп жаткандай эмне керек экенин так билишибиз шарт", — деген ДССУнун башчысы.Тедрос Аданом Гебрейесус адамзат азыркы тапта тарыхтагы эң оор күндөрдү баштан кечирип жатканын белгилеген. Мындан улам ал препараттарды муктаж болгондор менен бөлүшүп, технологияларды берүүгө даяр болуу зарылдыгын айткан.
Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деп божомолдогон.