Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси ири сумма акчаны кымырган деп кармалды

© AP Photo / Martin MejiaЗаключенный в наручниках в Кальяо
Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин кеңешчиси 4-июль күнү кармалган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип кармалды. Аны Аскер прокуратурасы колго түшүргөн. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы министрдин кеңешчиси 43-берененин 3-бөлүгү (Кимдир бирөөгө Кылмыш жасоого багыт берүү) жана 319-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча шектелип 4-июлда кармалганын кабарлады.
Ал эми 6-июлда Биринчи Май райондук сотунда Жолборсовдун баш каргоо чарасы тандалып №1 Тергөө абагына эки айга камалган.
Нурбек Жолборсов 35 жашта, Бишкек шаарында туулган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0