Арак. Архивдик сүрөт

Алты жаштагы балага кыйнап арак бергендер боюнча тергөө башталды

394
(жаңыланган 11:50 22.07.2019)
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Алты жашар балага кыйнап арак берген факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 12-июль күнү дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, тестиер бала аракка ууланып ооруканага алынып келингенин билдиришкен. Учурда бала өзүнө келбей кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жабыркаган бөбөк 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

"Апасы Ставровпаловка айылында 60 жаштагы адам менен чогуу жашап жүргөн. Алар 11-июлда түндө арак ичип отурушуп уруша кетишет. Эркек киши аялды сабап, ал качып кеткен. Түн ортосунда аял үйгө келип, баласынын уктап жатканын көрүп жатып алган. Эртең менен турганда баласынын абалын көрүп дароо ооруканага алып келген", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, тергөө маалында үй ээси тамак ичкиси келген баланын колуна помидор карматып, ага күч менен эки стакан аракты кыйнап ичиргени такталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси ("Өзүн-өзүн өлтүрүүгө түртүү") боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

394
Белгилер:
оорукана, бала, кылмыш, арак, Кыргызстан
Тема боюнча
Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди
Ошто өз ымыркайын 30 миң сомго сатканы жаткан киши кармалды
Ооруканадагы реанимация бөлмөсү. Архив

Аксыда үч адам ууланып каза болду, ооруканага түшкөндөр бар

93
(жаңыланган 10:00 04.03.2021)
Облустук милициянын маалыматына караганда, ууланган адамдар ооруканага жеткирилген соң таңга жуук каза болушкан. Азырынча алардын эмнеге ууланганы аныктала элек.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч адам белгисиз затка ууланып каза болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Анын айтымында, бул факт каттоого алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

"Биз алардын эмнеден ууланганын айта албайбыз, бирок ууланган үч адам ооруканага жеткирилген соң 4-март күнү таңга жуук каза болушканын ырастай алабыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт", — дешти облустук милициядан.

Маалымат катчы каза болгон адамдардан башка дагы бир нече адам ооруканада экендигин кошумчалады. Алардын саны да такталып жатат.

93
Белгилер:
милиция, Аксы, өлүм, уулануу
Тема боюнча
Ташкентте беш студент белгисиз затка ууланып каза болду
Кармалгандар кишенчен. Архив

Бишкекте Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды. Видео

39
(жаңыланган 10:06 04.03.2021)
Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Маалым болгондой, милиционерлер 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан.

  • Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды.
    Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды.
    © Фото / источники
  • Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө
    Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө
    © Фото / источники
1 / 2
© Фото / источники
Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды.

Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

Колго түшүрүү учурунда тартылган сүрөттөрдү укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар беришти.

39
Белгилер:
кызматкер, ыкчам, финансы полициясы, милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы кармалды
Нью-Йоркто Джордж Флойддун мемориалдык портретинин ачылышы. Архив

Муунтулуп өлгөн Флойддун аты актыга ыйгарылды. АКШ полициясы реформаланат

0
(жаңыланган 10:16 04.03.2021)
Мыйзам долбоору 2020-жылы майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган афроамерикалык Жордж Флойддун атынан аталган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасы полиция тармагын кеңири реформалаган мыйзам долбоорун кабыл алганын РИА Новости жазды.

"Жордж Флойд атындагы полициянын ишиндеги адилеттүүлүк жөнүндөгү актысын" 220 депутат колдоого алып, 212си каршы чыккан.

Мыйзам долбоору 2020-жылы майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган афроамерикалык Жордж Флойддун атынан аталды. Анда күч түзүмүнүн өкүлү Флойдду кармагандан кийин жерге жыгып, тизеси менен мойнун сегиз мүнөт басып туруп алгандыктан ага дем жетпей калган. Ошондон кийин Американын бир топ жеринде нааразычылык акциялары өткөн.

Мыйзам долбоору өкүлдөр палатасында былтыр жайында эле кабыл алынган. Бирок сенат тарабынан колдоо тапкан эмес. Демократтар мыйзам долбоорун кайрадан киргизүүдө.

Анда муунтуу ыкмасын колдонууга, шектүүлөрдүн динине же расасына карап мамиле кылууга, ошондой эле полиция кызматкерлеринин кыянаттык мамилеси тууралуу маалымат чогулткан жалпы улуттук база түзүлөт.

Президент Жо Байдендин колдоосуна ээ болгон мыйзам долбоору сенаттын талкуусуна коюлат.

0
Белгилер:
реформа, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема боюнча
АКШ саудиялыктарды жазалоону чечти. Мындан Россия менен Иран утабы?
Саудиялык журналисттин Стамбулдагы өлүмү. АКШ мураскер ханзааданы айыптоодо