Жалал-Абадда тайгаланып кетип сууга аккан чек арачы изделүүдө

CC0 / jamie_nakamura / Бурная река
Бурная река - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө ишине Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен жоокерлери да катышууда.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы чоң сууга агып кеткен жоокер изделүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү Чаткал районундагы Найза-Сай аймагындагы Ак-Булак суусуна контракттык негизде кызмат өтөгөн чек арачы тайгаланып түшүп, агып кеткен.

Учурда издөө иштерине Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да көмөктөшүүдө.

Окуя аскер прокуратурасына кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0